Германия канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга сапары абактагы Азимжан Аскаров менен байланыштуу эмес. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков 11-июлда журналисттерге билдирди.
Буга чейин "Журналисттерди коргоо комитети" (CPJ) эл аралык уюму Германия канцлери Ангела Меркелге кайрылып, Азимжан Аскаровду абактан бошотуу үчүн кыргыз бийлигине таасир этүүнү өтүнгөн.
Ангела Меркель 13-14-июлда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Анын жүрүшүндө өлкө президенти Алмазбек Атамбаев, спикер Чыныбай Турсунбеков жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуусу белгиленген. (NT)