Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Павел Шереметтин сөөгү бүгүн Минскиде жерге берилет


Павел Шеремет
Павел Шеремет

Киевде киши колдуу болгон журналист Павел Шеремет менен коштошуу жума күнү Украинанын борборунда болду. Коштошуу зыйнатына өлкө башчысы Петро Порошенко катышты. Украинанын баш прокурору Юрий Луценко журналисттин өлүмү боюнча иликтөө башталганын, окуя болгон жерге алгачкы келген “17-каналдын” журналисттери суракка чакырылганын билдирди. УНИАН агенттигинин маалымдашынча, Луценко журналисттин өлүмүнө бир нече киши себепкер деп кошумчалады.

Павел Шеремет 20-июлда машинасына коюлган бомбанын жарылышынан мерт болгон. Украин бийликтери Шереметтин өлүмүн атайын уюштурулган кылмыш деп эсептейт.

Теги беларус Павел Шеремет орусиялык жана украиналык маалымат каражаттарында эмгектенип келген. 2008-жылга чейин он жыл бою Орусиянын биринчи каналында “Время” берүүсүнүн алып баруучусу болуп иштеген.

Павел Шеремет Орусиянын коомдук телеканалынан 2014-жылы Москва Крымды Украинадан тартып алгандан кийин кеткен. Шеремет Кремлдин пропагандасынан айырмаланган көз карашты карманган журналисттерге ачык эле чабуул жасалып жатканын айткан болчу.

XS
SM
MD
LG