Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Апрель соту: жабырлануучулар соттук коллегияга ишеним көрсөтпөйт


Апрель соту
Апрель соту

Жогорку Сотто 2010-жылдагы Апрел окуялары боюнча сот отуруму бүгүн да уланды. Жараян жүрүшүндө жабырлануучулардын адвокаттары ишти карап жаткан соттук коллегияга ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн келтирди. Алар Жогорку Соттун төрага орун басары Качыке Эсенканов төрагалык кылган соттук коллегия калыс чечим чыгарарына ишеним артпай турганын билдиришүүдө.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтында ошол кездеги бийликке каршы чыккан 90дой адам окко учкан. Бул үчүн мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган айрым аткаминерлер сыртынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген.

Ал эми мурдагы мамлекеттик кеңешчи Элмурза Сатыбалдиев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов жана УКМКнын “Альфа” атайын тобунун мурунку командири Алмаз Жолдошалиев 10 жылга соттолгон. Ушул айдын башында Аскер соту аларга тергөө абагында 2010-жылдан бери өтөгөн жаза мөөнөтүн эске алып, мунапыс жарыялаган.

Бирок бул чечимге байланыштуу жабыркаган тарап Жогорку Сотко кайрылгандыктан, алар бошотула элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG