Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

2017-жылы бюджет тартыштыгы 22.4 миллиард сомду түзөт


Бул тууралуу бюджеттин ачыктыгы боюнча талкууда финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, кийинки жылдагы бюджет тартыштыгын эл аралык донорлордон алган каражаттар менен толтуруу пландалууда. Бюджет тартыштыгы салык топтоонун төмөндөшүнөн, ишкерлерге салыктык жеңилдиктер көбөйтүлүшүнөн келип чыккан.

Финансы министрлиги тартыштыкка карабай социалдык корголгон статьялар каржыларынат деп убада кылууда.

2017-жылга бюджеттин жалпы чыгымдары 159,6 миллиард сомду түзөт деп болжолдонууда.(BkA/KJ)

XS
SM
MD
LG