Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Ооган талиптери Гилмендди талашууда


Ооган аскерлери талиптердин чабуулуна каршылык көрсөтүүгө даярданышууда. Гилменд провинциясы, 2016-жыл
Ооган аскерлери талиптердин чабуулуна каршылык көрсөтүүгө даярданышууда. Гилменд провинциясы, 2016-жыл

Талиптер Ооганстандагы Гилменд провинциясына чабуулун күчөтүүдө. Провинцияны талиптерге тарттырып коюу коркунучу жаралып, ооган бийликтери ал жакка кошумча аскерлерин жөнөттү.

Провинция борбору Лашкаргахка келген жолдор жабылгандыктан шаарда азык-түлүк кымбаттаган.

Өлкө түштүгүндө жайгашкан Гилменд аянты боюнча Ооганстандын эң ири провинциясы болуп саналат. Буга чейин салыштырмалуу тынч эсептелген провинция борбору Лашкаргахка караштуу Нава жана Гармшер райондорунда 10-августта катуу кармаш жүрүп жатканы кабарланган.

АКШнын абадан колдоосуна карабай, талиптер июль айында провинциянын айрым жерлерин көзөмөлгө алган. Учурда Гилменддин 14 районунун 12си талиптердин көзөмөлүнө өткөндүгү кабарланууда.

Гилменд провинциясынын кеңешинин төрагасы Керим Атал талиптер Лашкаргах шаарын толук курчоого алганын, өкмөттүк күчтөр көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен чегингенин 10-августта билдирди. Ал ошондой эле өкмөттүк аскерлерге кошумча жаңы күчтөр келгенин белгиледи. Уруштан улам Лашкаргахка келген жолдор жабылып, шаарда азык-түлүк кымбаттоодо.

Гилменддин губернаторунун маалымат катчысы Омар Жвак эгер талиптер чабуулдарын күчөтө берсе, ооган өкмөтүнүн аскерлери аларга туруштук бере албасын “Азаттыктын” ооган кызматына берген интервьюсунда айтты.

- Акыркы эки жумада Гилменддин 30 миңдей тургуну үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Алардын көпчүлүгү азыр Гилменддин борбору Лашкаргахка качып келүүдө. Алардын баарын тамак-аш жана таза суу менен камсыздоого алыбыз келбей калды. Үй-бүлөлөр, аялдар жана балдар көчөлөрдө түнөөгө аргасыз болуп атышат. Бизге чукул арада колдоо көрсөтүлбөсө, талиптерге көпкө туруштук бере албайбыз.

Ал ошондой эле Лашкаргах шаарынын талиптердин колуна өтүү тобокелчилигине байланыштуу өлкөнүн коопсуздук күчтөрү күчөтүлгөнүн кошумчалады.

Ооганстандын Гилменд провинциясы
Ооганстандын Гилменд провинциясы

- Учурда борбордон атайын тартылып келинген кошумча аскердик күчтөр талиптер басып алган аймактарды кайра бошотуп атышат. Натыйжаны байкоого болот, бирок талиптер да бизге катуу туруштук берип жатат.

Гилменд провинциясы эң көп апийим өстүргөнү менен белгилүү. Ал жактагы наркобарондор талиптерге жан тартып, алардын катарына кошулуп жатканы да кырдаалды кыйла курчутууда.

Америкалык учактардын аба соккуларына, ооган бийлигинин атайын тартылып келинген күчтөрдүн күчөтүлгөн чабуулдарына карабай катуу туруштук берип жаткан талиптер бир нерсени көздөгөндөй.

Айрымдардын айтымында, талиптер өзүнүн башкаруу борборун Пакистандын Кветта шаарынан Ооганстандын түштүгүндөгү дал ушул Гилменддин Муса-Кала шаарына көчүрүп келүүнү көздөшөт.

Талиптердин чабуулдарынын кескин жанданышына акыркы убакта алардын лидерлеринин биримдикке келип жатканы да себеп болушу мүмкүн.

Талиптердин азыркы жолбашчысы Хейбатулла Ахундзаде Гилменддеги талип топторунун башын бириктиргени айтылууда. "Ахундзаденин талиптердин тажрыйбалуу командири Абдул Кайым Закирди кайра аскер башчы кылып дайындаганы да алардын жандануусуна шыкак берди" дешет адистер.

Талибан командирлери жаңы дайындалган лидери Хейбатулла Ахундзадени колдоого ант беришүүдө
Талибан командирлери жаңы дайындалган лидери Хейбатулла Ахундзадени колдоого ант беришүүдө

Гилменддин губернатору Хаятулла Хаят провинция талиптердин көзөмөлүнө азыр эле өтүп кетпесине ишендирип, бирок ошол эле учурда Гилменд провинциясы талиптер үчүн да, ооган бийлиги үчүн да стратегиялык маанилүү аймак экенин кошумчалап, кооптонуусун билдирди.

“Эгер биз Гилмендди талиптерге алдырып койсок, анын кесепети Кабулга эле эмес, башка түндүк провинцияларга да тиет”, – деди Хаятулла Хаят.

XS
SM
MD
LG