Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Президент тышкы саясаттын орчундуу багыттарын өнүктүрүүнү тапшырды


Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУ жыйынында.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУ жыйынында.

Алмазбек Атамбаев 17-августта тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду кабыл алды. Абдылдаев менен Исаков мамлекет башчыга күзүндө Бишкекте өтүүчү КМШга мүчө мамлекет башчыларынын юбилейлик саммитин өткөрүүгө, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку даражалуу конокторун тосууга жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясынын жыйынына кыргызстандык делегациянын даярдыгы жөнүндө маалымат беришти.

Президент Алмазбек Атамбаев алдыдагы олуттуу тышкы саясый иш чараларга жакшылап даярдануунун маанисин белгилеп, Тышкы иштер министрлигине өлкөнүн тышкы саясатынын орчундуу багыттарын өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG