Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:36

Рио-2016: кыргызстандык акыркы эки спортчу күч сынашат


Магомед Мусаев
Магомед Мусаев

Бразилияда өтүп жаткан отуз биринчи жайкы Олимп оюндарында бүгүн эркин күрөштөн 97 килограммга чейинки салмактагылар арасында кыргызстандык спортчу Магомед Мусаев 1/8 финалда монголиялык балбан Доржханд Худербугла менен беттешет. Оюндар Кыргызстандын сааты боюнча кечки 17.30да башталат. Лазарев 125 килограммга чейинки салмактагылар арасында күрөшөт. Ал эми саат 18.30да кыргызстандык марафончу Илья Тяпкин катышкан оюндар башталат. Кыргызстандан Олимп оюндарына 19 спортчу барган. Алардын он жетиси мелдештерин аяктады.

10-августта оор атлетчи Иззат Артыков коло медаль тагынып, Кыргызстандын эсебине жалгыз байге алып кайткан эле. 18-августта Эл аралык спорттук арбитраж соту Артыковдун кызытма колдонгону аныкталды деген жүйө менен анын жеңишин жокко чыгарып, медалын кайра кайтаруу чечимин жарыялады. Иззат Артыков допинг колдонгон деген айыпты четке кагууда. Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарындагы мелдештер бүгүн соңуна чыгат. (NT)

XS
SM
MD
LG