Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:55

Ташкенде Эгемендик майрамына арналган концерттер токтотулду


Ислам Каримов
Ислам Каримов

31-августта Ташкенде президент Ислам Каримовдун катышуусунда өткөрүү пландалган расмий майрамдык иш-чаралар токтотулду. “Азаттыктын” өзбек кызматы билдиргендей, мындай чечим мээсине кан куюлуп ооруканага түшкөн Каримовдун абалы дагы да начарлап кеткенине байланыштуу кабыл алынган болушу ыктымал деп жазды. Өзбекстандын Маданият жана спорт министрлиги майрамга карата 1-сентябрь күнү элдик сейилдөөлөр уюштурулаарын кабарлады. Айрым облустарда көз карандысыздыктын 25 жылдыгына арналган иш-чаралар 29-августта өткөрүлдү. 78 жаштагы Ислам Каримов 28-августта мээсине кан куюлуп, реанимацияга түшкөн

XS
SM
MD
LG