Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Түндүк Корея үч баллистикалык ракета учурду


Архив
Архив

Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй үч баллистикалык ракета учурду. Бул тууралуу Түштүк Корея кабарлады.

- Ракеталар бүгүн, 5-сентябрда учурулду. Бул Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузгандыкка жатат. Бул өтө опурталдуу чагым, - деди өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чо Чжун Хёк бүгүн Сеулда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Ракеталардын учурулушу Кытайда өткөн G20 саммитинин жыйынтыктоочу күнүнө туш келди. Саммитке Түндүк Кореяны өзөктүк курал программасы үчүн эл аралык изоляцияда калтырууну колдогон дүйнө лидерлери катышты.

Түштүк Кореянын массалык маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, ракета сыноо Кытай лидери Си Цзинпиндин бул өлкөнүн президенти Пак Кын Хе менен жолугушуусунан кийин жасалды. Кытай Түндүк Кореянын негизги дипломатиялык өнөктөшү.

Кытай лидери Пак Кын Хени Түштүк Кореяда америкалык абадан коргонуу системаларын жайгаштырбоого чакырды. Расмий Сеул бул системалар Түндүк Кореянын ракеталык чабуулдарынан коргонуу үчүн керек деп эсептейт. (RK)

XS
SM
MD
LG