Орусиянын Юстиция министрлиги "Мемориал" эл аралык укук коргоо уюмунун ишмердүүлүгү боюнча пландан тышкары текшерүү жүргүзө баштады. Максат - бул коммерциялык эмес уюм чет элдик агентпи же жокпу дегенин аныктоо.
Өлкөнүн Башкы прокуратурасы жүргүзүп жаткан текшерүүнүн жыйынтыгы 30-сентябрга чейин жарыяланышы керек.
Юстиция министрлигинин талабына ылайык уюм соңку төрт жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу бардык документтерди, протоколдорду, банктык, каржылык материалдарды бергенин кабарлады.
"Мемориал" - Орусияда алгачкылардан болуп түзүлгөн бейөкмөт уюм. 1989-жылдан бери ал СССРдеги саясий репрессиялар тууралуу маалымат чогултуп, "Чоң террордун" архивин түзүү, курмандыктарына эстелик орнотуу ишин аткарып, агартуучулук жана укук коргоочулук менен алектенип келатат. (RK)