Линктер

жума, 28-июль, 2017 Бишкек убактысы 08:43

Өзбекстан парламенти президенттин милдетин аткаруучу маселесин карайт


Өзбек расмийлери мамлекеттик жыйындардын биринде.

8-сентябрда Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасы менен сенатынын биргелешкен жыйыны болот. Анда өлкө президентинин милдеттерин убактылуу аткаруучуну дайындоо маселеси каралат.

Өлкө Конституциясынын 96-беренесинде «президент өз кызматын аткара албаган учурда анын милдеттери менен ыйгарым укуктары үч айлык мөөнөткө убактылуу Олий Мажлис сенатынын төрагасына жүктөлөт» деп жазылган.

Учурда Өзбекстандын Олий Межлис сенатынын төрагасы- Нигматилла Юлдашев.

Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов 2-сентябрда дүйнө салып, сөөгү 3-сентябрда Самаркандагы Шахи-Зинда мүрзөсүндө жерге берилген.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG