Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Турсунбек Акун бийликти мурдагылардын жолун кайталабоого чакырды


Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

Мурдагы акыйкатчы, укук коргоочу Турсунбек Акун азыркы бийлик мурункулардын жолун жолдоп жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал Кой-Таш айылынын тургундарынын бүгүнкү акциясына күбө болгонун айтып, аларды Ак үйдүн алдына бийлик алып чыккан деген оюн кошумчалады. 2010-жылдагы кандуу окуялардын натыйжасында өлкөдөн качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жолун жолдобоого азыркы бийликти чакырды:

- Бакиевдин тушунда, 2007-2008-жылдары оппозиция катуу чыкканда аларга каршы антимитинг болгон. Бакиевдин жактоочу жердештери Оштон келген эле. Азыркы митингди да аким же башка бийлик уюштургандай эле көрүнүп турат. Жөн эле өздөрү келмек эмес. Бул Текебаевге карата кысым болду. Эми Атамбаев да Бакиевдин жолуна түшүп, антимитинг уюштурганга кириштиби? Келгендер Текебаевди жаалап, эки тарап тең эмоционалдуу болуп, ортодо тиреш чыгып кете жаздады.

Бүгүн Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынын бир нече тургуну Бишкектеги Ак үйдүн алдына келишкен. Депутат Өмүрбек Текебаев менен жолугушуп, президенттин үйүнүн курулушуна каршыбыз деген айылдыктардын аты-жөнүн ачык айтууну жана өздөрү жашаган аймакта болуп жаткан окуяларга киришпөөнү талап кылышкан.

Өмүрбек Текебаев өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди басып алып, үй курду деп айыптап чыккан. 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген бул жер тилкесин былтыр Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттатканын жарыялаган.

Мындан кийин президент Алмазбек Атамбаев июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качуусун жана буга Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн тиешеси бар-жогун аныктап чыгуу үчүн мекемелер аралык топ түзүүнү Башкы прокуратурага тапшырган болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG