Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Кыргызстан Батыровду ЕККУ тизмесинен алып салууну талап кылды


Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын Нью-Йорктогу саммитине катышып жаткан кыргыз делегациясы Кадыржан Батыровду Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) жыйынына чакырылбай турган кишилердин тизмесине кошууну суранды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Кыргыз тарап Батыровго эл аралык жыйында сүйлөөгө аянтча түзүлгөнүнө нааразылык билдирип, уюмдун Адам укуктары жана демократия институту бюросуна нота жиберди.

22-сентябрда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ЕККУнун баш катчысы Ламберто Занньер менен да жолугушуп, ушул маселени көтөрдү.

Июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров шаршембиде ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын, улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын билдирген. 2010-жылдагы июнь коогасын геноцид деп атаган жана кыргыз бийлигин сындап, ЕККУну өлкөгө жардам бербөөгө чакырган.

XS
SM
MD
LG