Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Байбичелерди кор туткан адат таптык


Очок жанындагы чоң эне
Очок жанындагы чоң эне

Кыргызстанда улгайган аялдар көбүнесе үйдө небере багат же чарбачылык менен алектенип, коомдук иштерге мурдагыдай активдүү катышпай, оолактай баштайт. Айрымдары ишке жараксыз болуп калганда өз балдарынын эле зомбулугуна учурап калган учурлар да күчөп бара жатат.

Кыргызстанда пенсия жашындагы атуулдардын саны 400 миңден ашуун. Алардын теңинен көбүн аялдар түзөт. Улгайган чагында байбичелер небере багып, эч кандай коомдук ишке аралашпай күн кечирсе болобу? Жашы өткөн аял ооруп калса, жакындарынын зомбулугуна жана жаман мамилесине тушугабы?

Актрисанын тагдыры

89 жаштагы Токтокан Абдылдаевага көчөдөн капыстан эле жолуктук. Баш калаанын Байтик баатыр көчөсүндөгү Мамлекеттик Бажы кызматынын имаратынын жанында жупуну кийинген, үнү араң чыккан байбиче кайыр сурап отурган экен.

Бишкек
Бишкек

- Эки кызым бар. Эми алар деле бечара, колунда жок. Эптеп балдарын багышат. Мен жегенди балдарына берсин деп кетип калдым. Жашым токсонго таяды. Бир кезде актриса элем. Айтылуу Бакен Кыдыкееванын шакиртимин. Кыдыкееванын үйүндө жатып, тарбиялангам. Ал кезде Бакен эже Орус драма театрынын жанында жашачу. Жаш кезимде абдан тың элем. Тапкан акчама түрлөп кийим алчумун. Азыркыдай кезерип ачка калган эмесмин. Карыганда ушинтип эч кимге кереги жок байкушка айландым. Миң сом пенсия алам. Жалал-Абад театрында көп жыл иштедим эле. Ал жакка барганга каражатым жок, миң сом менен эптеп чыккам. Азыр эми каруум кетти. Айланайын балам, айтсам арман көп. Өлгүм келет, бирок өлбөй койдум. Карылар үйүнө баргым келбейт. Балдарым да жибербейт. Өлүп калсам сөөгүмдү бербей коюшат тура. Сахнаны сагынам. Бирок бийлей албай калдым да, эми кимге керегим бар? Учурунда кыздарга бийден да сабак бергем. Азыр деле бий үйрөткүм келет. Сен үйгө барбай эле койчу. Балдар билип калса таарынат...

Ошентип Токтокан Абдылдаеванын арманын гана угуп, үйүнө бара албадык. Байбиче устаты Бакен Кыдыкееваны көпкө эскерип отурду.

Эне жаманды жашырат

Токтокан апа сыяктуу өз балдарынан коркуп, үйдөгү шартын айта албаган кыргызстандык аялдар азыр көбөйүп жатканын, бийлик да, коом да буга кайдыгер экенин Age-Net International уюмунун координатору Светлана Баштовенко билдирди:

Ош, Кыргызстан
Ош, Кыргызстан

- Өлкөдөгү карыя адамдарга көңүл буруу үчүн бизде эми эмне болушу керектигин биле албай жатам. Алар эмне, коомчулуктун өгөй катмарыбы? Карагылачы, эмне болуп жатканын массалык маалымат каражаттарынын кийлигишүүсү менен акыркы кездери эле ачыкка чыгара баштадык. Карыларды зордуктап, сабап, алардын үй-жайын тартып алышат, өз балдарынын кемсинтүүсүнө чыдашат. Ачыкка чыкпаган канча окуялар бар экени белгисиз да. Айрыкча улгайган аялдар үйдөгү ыйкы-тыйкыны элге билгизбейин деп, зомбулукка чыдап жашап жаткан учурлар толтура. Өзгөчө кыргыз аялдар ошол кордогон баласын сотко бере албайт, мыйзамдуу укугун талаша албайт. Канчага чейин ушул өмүрүнүн үчүнчү доорун жашап жаткандарды өзүнчо топ кылып бөлүп салып, аларга көңүл бурбай, таштап салабыз? Бардык эл аралык программалар аялдар, балдар, көп балалуулар жана жаштарды колдоого гана багытталган. Эми улгайган аялдардын маселесине маани берүү үчүн эмне болуп кетиши керек? Баарыбыз бир учурда улгаябыз. Эгерде азыр картаңдардын проблемасын чечпесек, кийин баары кеч болуп калат.

Небере багуу да чоң түйшүк

2015-жылы Британиянын депутаттары небере баккан чоң ата, апалардын пенсиясына кошумча акы төлөп бериши керек деген демилгени көтөрүшкөн.

Азыркы учурда ардактуу эс алууга кеткени менен кайра эле түйшүккө малынган аялдар көбөйүп жатат. Балдарын чоңойткону аз келгенсип, пенсияга чыккан апалар эми небере түйшүгүн тартууда. Бул негизи туура эмес.
Айпери Жанызакова

Алардын болжолдуу иш акысынын суммасы чыгарылган эле. Англияда улгайган адамдар неберелерин карап, жылына 5 миң 610 саат балдарына бекер бала баккыч болуп иштеп берет. Алар неберелерин адатта мектеп жашына чейин багат. Эгерде ушул маалда ата-энелер балдарын башкаларга акча төлөп карата турган болсо, 25 миң доллардан ашуун каражат коротушмак. Кыргызстанда небере баккан чоң апа же таенелер өз жашоосун ойлойбу? Алар да кооз кийинип, коомго аралашкысы келеби?

Таластагы таалайлуу эне

Таластын Көк-Ой айылында жашаган 65 жаштагы Айнагүл Майрыкова бүгүн да сулуулук салондорунун кызматын пайдаланат. Бетке туура кам көрүү, чачка маска коюу боюнча адистердин кеп-кеңеши анын көз жаздымында калбайт. Беш баланын апасы учурeyда агартуу тармагында эмгектенген:

- Азыр деле сыртка чыксам боёнуп чыгам. Акчаны аябай эле жакшысын сатып алам. Бетмайдын кымбатын колдоном. Картайып калдым. Чачым агарып кетти. Тез-тез боеп, жайкысын химияга берем. Жашоодо каякка барсаң да адам суктангандай көрүнсөң жакшы да. Өзүңө каранышың керек. Мага "жаш эле бойдонсуң" деп айтышат.

Айнагүл айым үч небересин да жалгыз багып үлгүрөт. Жашоо-шартка байланыштуу уулу менен бир кызы Казакстанда эмектенсе, дагы бир кызы Орусияда иштейт. Калган экөө айылга турмушка чыгып, өз бүлөсү менен алек. Мектеп жашындагы неберелерин окууга даярдап, кирин жууп, курсагын тойгузуу менен катар күзгү алдында сыланып-сыйпанууга убакыт табат. Коңшу мамлекеттерде иштеп жаткан балдары конокко чакырып, атыр, упасын сатып беришет экен.

Айнагүл Майрыкова өз курагынан бир топ жаш көрүнөт. Мунун сырын өзүнз кам көрүп жүргөнү менен байланыштуу экенин айтты.

Карыларга татыктуу жашоо керек

Бишкектеги улгайган адамдарга көмөк көрсөтүү программаларын иштеп чыгып жаткан АДРА Кыргызстан уюмунун координатору Айпери Жанызаковага кайрылып, карыганда небере багып же башка жумушта иштөө менен аялдардын түйшүгү азайды десе болобу деп сурап көрдүк.

Өрмөк соккон байбичелер
Өрмөк соккон байбичелер

- Азыркы учурда ардактуу эс алууга кеткени менен кайра эле түйшүккө малынган аялдар көбөйүп жатат. Балдарын чоңойткону аз келгенсип, пенсияга чыккан апалар эми небере түйшүгүн тартууда. Бул негизи туура эмес. Анткени алар эс алып, өзүнө кам көрүп, саякаттаганга эми убакыт келди да. Анан каражаттын тартыштыгынан улам карыяларыбыз көчөдө соода кылып, нанга тыйын чогултушууда. Негизи карыяларга дарысына, тамак-ашына жана эс алуусуна жеткидей шарт түзүп берүү керек.

Жакында эле "Сезим" кризистик борбору үйүнөн зомбулук көргөн картаң аялдар үчүн баш калкалоочу жай ачты. Ал эми укук коргоочулар карыларга карата зомбулук жана кайдыгер мамиле күч алганын айтышууда. Ушул жылдын жай айларында 87 жаштагы аял зордукталганы маалым болсо, бир нече апта мурда токсонго таяган кемпирди улгайгандардын пансионунун жанына таштап кетишкен. Уул-кызды төрөп, бирок өмүр соңунда алардын түрткүнчүгүнө кабылган аялдарды коргогон атайын мыйзамдык база Кыргызстанда азырынча жок.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

  • 16x9 Image

    Альбина Сулайманова

    "Азаттыктын" Талас облусундагы кабарчысы. Кыргыз-Орус (Славян) университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG