Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Сойкулукту калкалаган капитан


Сүрөттүн макалага тиешеси жок
Сүрөттүн макалага тиешеси жок

Бишкектеги сойкуларды коргогон милиция кызматкери интернетте тараган видеонун негизинде кызматтан бошотулду.

Аталган тасмада кызматкердин сойкуларды калкалап, кол алдындагыларды урушуп жатканы тартылган.

Бул тасма тараган соң ИИМде териштирүү жүрүп, ал Бишкектин Свердлов райондук милициясынын кызматкери Пардабай Намазбаев экени белгилүү болду. Капитан Намазбаев РИИБнин коомдук коопсуздукту сактоо бөлүмүн жетектеп келген. Видео тасмада ал сойкуларга болушуп, өз кесишиптери менен урушуп жатканын көрүүгө болот:

- Мага өчөшүп жатасыңарбы? 35 сутенер бар. Ушуга тийишпей эле койбосуңарбы. Телефон менен ага кыйын болосуңар.

Териштирүүдөн соң сойкуларды калкалаган капитанга алгач катуу сөгүш берилип, кийинчерээк кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Олжобай Казыбаев «Азаттыкка» билдирди:

- Бул видео 15-майда тартылыптыр. Кийин интернетте тарап баштаган соң кызматтык иликтөө башталган. Анын жыйынтыгы менен алгач катуу сөгүш берилген. Бирок коомчулукта кызуу талкуулана баштагандыктан, ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы иштен бошотуу чечимин кабыл алды.

Казыбаевдин айтымында, бул боюнча прокуратура да иликтөө жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы менен бул ишке башка кызматкерлердин тиешеси бар-жогу аныкталып, укуктук баа берилиши керек.

Сойкулукка каршы "согуш"

Коомчулукта бул окуя кызуу талкууларды жаратты. Себеби, июнь айында Бишкек милициясы сойкулукка каршы «согуш» жарыялап, борборду жеңил ойлуу кыздардан тазалоого убада берген эле.

Ал учурда шаардык милициянын башчылыгына келген Самат Курманкулов бул бир жума ичинде бүткөрүлөрүн айткан:

- Мындай көрүнүш бизде бар. Правда-Фрунзе көчөлөрүнүн, Правда-Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде сойкулар турат. Мен бир жуманын ичинде алардын баарын тазалоого буйрук бердим. Бишкекти сойкулардан тазалайбыз.

Шаардык милиция башчысынын бул убадасынан соң улам-улам рейддер жүргүзүлүп, сойкулук менен алектенгендер кармалган эле. Эми мына ушул кармалган сойкуларды жооптуу кызматтагы милиционер калкалап келгени белгилүү болуп отурат.

Милициянын кадырына көө жаптыбы?

Ички иштер министрлигин реформалоо жаатында иш жүргүзгөн “Реформа жана натыйжа” жарандык биримдигинин мүчөсү Урмат Казакбаевдин айтымында, мындай көрүнүш кеңири жайылган:

- Бул видео тараган соң шаарды жеңил ойлуу кыздардан тазалайбыз деген милициянын убадасы болбогон сөз экени айкын болду. Милициянын жооптуу кызматкери сойкуларды калкалап жатса, анда анын жетекчисинин берген убадасы куру сөз. Кайсы милиция кайсы саунаны калкалайт деп так айта албаганыбыз менен бул сыяктуу көрүнүштөр кеңири тараган.

Бул окуя ансыз да калк арасында дооматтар көп айтылып келген милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргендей. Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даудовдун айтымында, министрлик мындай окуяларга карата кескин чара көрүшү керек:

- Министрлик бул ишти такташ керек, караш керек. Ушул сыяктуу арыздар, көрүнүштөргө каршы чечкиндүү иштер жасалууга тийиш. Муну бир кызматкер жумуштан кетти деп калтырып коюу болбойт. Ошондуктан, Ички иштер министрлиги кыска убакытта чечим кабыл алышы зарыл.

- Бул видео тараган соң шаарды жеңил ойлуу кыздардан тазалайбыз деген милициянын убадасы жокко эсе болуп калды. Эгер милициянын жооптуу кызматкери сойкуларды калкалап жатса, анда анын жетекчилиги берген убаданын кадыр-баркы жок экенин кабар берет.

Кыргызстанда сойкулукка каршы рейддер жүргүзүлгөнү менен атайын мыйзам жок. Андыктан кармалгандарга “бейбаштык” беренеси менен айыппул салынат. Ошондой эле андай кыздардын тизмеси түзүлүп, кайра кое берилет.

Буга кошумча Кыргызстанда интимдик кызмат сунуштаган бир нече интернет сайт иштеп келет. Мындай сайттарга бөгөт коюуга азырынча бийликтин чамасы жетпейт.

Бейөкмөт уюмдардын изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сойкулук менен алектенген кыздардын саны беш миңден жети миңге чейин жетиши мүмкүн.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG