Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:42

“Анадолу”: Мосулду экстремисттерден тазалоо операциясы жакында башталат


Ирактын экинчи ири шаары Мосулду эктремисттер 2014-жылдын жазында басып алышкан.
Ирактын экинчи ири шаары Мосулду эктремисттер 2014-жылдын жазында басып алышкан.

Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарын “Ислам мамлекети” эктремисттик уюмунан тазалоо операциясы “башка кокустуктар болбосо” бир нече күндүн ичинде башталат. Бул тууралуу Түркиянын мамлекеттик “Анадолу” маалымат агенттиги жазды.

14-октябрда тараткан билдирүүсүндө агенттик Ирактагы өздүк булактарына жана Түркия менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышкан жогорку өкүлдөргө шилтеме жасаган.

Маалыматта Башика лагеринде түрк аскерлеринен машыгуу өткөн сунни мусулман күчтөрү боолголонгон операцияга катышары жазылган.

The Wall Street Journal басылмасы 12-октябрда Анкара өзүнүн сунни союздаштарынан бул чабуулга катышууну талап кылганын жазган. Макалада Түркия тараптын басымы таасирдүү шии согушкерлеринин нааразылыгын жаратканы айтылат. Учурда шии күчтөрү мурдагы макулдашууларды кайра карап чыгып, Мосулдун бошотулушунда чектелүү ролду өзүлөрүнө алууга аракет көрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG