Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Өзбекстандын ишкерлер чөйрөсү Тажикстан менен ымаланы бекемдөөдө


Өзбекстан ишкерлери Тажикстанда.
Өзбекстан ишкерлери Тажикстанда.

Өзбекстан ишкерлери жана коммерциялык компанияларlын жетекчилери күн мурун Тажикстандын Согди облусунда конокто болушту. Делегация Фергана өрөнүндөгү бизнес өкүлдөрүнөн куралган. Cапар өзбек тараптын демилгеси менен уюштурулду.

Коноктор эки күн Кожент жана Исфара шаарларында болушуп, өнөр жай ишканаларынын, компаниялардын жана маданий мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Делегация «Касри Арбоб» сарайын, «Истиклол» тарыхый-маданий комплексин кыдырып, Камол Худжандинин эстелигине гүл коюшту. Алар Камол Худжанди Шейхтин үй-музейиндеги маданий иш-чарага катышып, тажик жана өзбек тилдериндеги ырларды ырдашты.

Кожент мэриясынан кабарлашкандай, тараптар жакын ымала куруп, өнөктөш болууга ынтызар.

XS
SM
MD
LG