Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Трамп шайлоодо жеңсе инагурацияга чейин Путинге жолугарын билдирди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Бул тууралуу Республикачылар партиясынан АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп 18-октябрда радиого берген маегинде айтты. Ал 8-ноябрдагы шайлоодо жеңишке жетишсе, январь айындагы инагурацияга чейин эле орус президенти Владимир Путин менен жолугушарын белгилеген.

АКШда Орусия президенттик шайлоого кийлигишүүдө деген айыптоолор айтылууда. Орусия аны четке каккан. Дональд Трамп Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо бурмаланыш мүмкүндүгүн билдирүүдө. Бул арада анын атаандашы Хиллари Клинтон үгүт өнөктүгүн күчөтүп, Аризона, Миссури жана Индиана штаттарында саясий рекламага миллиондогон каражат жумшары айтылды.(AiT)

XS
SM
MD
LG