Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

«Кыргызмунайгаздын» кызматкерлери нааразылык акцияга чыкты


Кочкор-Атадагы нааразылык жыйын.
Кочкор-Атадагы нааразылык жыйын.

Акция Кочкор-Ата шаарындагы ишкананын имаратында өтүүдө. Нааразылык акциясына чыккандар ишканага жаңы жетекчинин келишине каршылыгын билдирип, мурдагы жетекчиликти ордунда калтыруу талабын коюшууда. Айрым маалыматтар боюнча, жаңы жетекчи катары Жогорку Кеңештин «Республика -Ата Журт» фракциясынан депутат Нургазы Нышанов келиши мүмкүн. Бирок Нышанов мындай божомолдорго азырынча пикирин билдире элек.

«Кыргызмунайгаздын» 2010-жылга чейинки ишкана жетекчилиги менен эмгек жамаатынын ортосунда мүлк боюнча талаш сотто териштирилип, ал аягына чыга элек. Сот эмгек жамааттын жүйөлөрүн туура деп тапкан. Бирок, жакындан бери соттогу иш райондор аралык сотто кайрадан каралганы турат.

Акцияга 1000ге жакын адам катышууда. (RsK/BkA)

XS
SM
MD
LG