Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

“Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалында “Азаттык” үналгысы сыйланды


Фестиваль ачылышында "Азаттык" тууралуу көрсөтүлгөн тасма
Фестиваль ачылышында "Азаттык" тууралуу көрсөтүлгөн тасма

Сөз эркиндигинин калыптанышына жана адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн “Азаттык” үналгысы “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалынын атайын сыйлыгын алды. Аны бүгүн фествалдын ачылышында чехиялык One world уюмунун өкүлү “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Султан Каназаровго тапшырды.

Бүгүн Бишкектеги "Манас" кинотеатрында адам укуктарына арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” даректүү тасмалар фестивалы башталды. Анын ачылышында "Азаттык" радиосунун тарыхына арналган тасма көрсөтүлүп, адам укугун коргоого, демократияга кошкон салымы зор экени белгиленди.

Быйыл онунчу жолу өтүп жаткан фестивал Кыргызстандын Эгемендигинин 25 жылдыгына арналып, 31-октябрдан 4-ноябрга чейин уланат.

Фестивалда чет элде жана Кыргызстанда тартылган 19 фильм көрсөтүлөт. Алардын ичинде “Азаттыктын” журналисттери тарткан төрт тасма бар.

Фильмдер “Манас” кинотеатрында 9:30дан 18:00гө чейин акысыз көрсөтүлөт. (SE)

XS
SM
MD
LG