Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Келдибаев: ТВда бир беткей маалыматтар берилип жатат


Бул тууралуу 5-ноябрда Ош шаарында өтүп жаткан “Сөз эркиндиги жана аймактык журналистика” деп аталган тегерек үстөлдө айтылды.

Жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаев акыркы убактарда айрым өкмөттүк жана жеке менчик телеканалдар кээ бир саясатчыларды бир беткей каралаган маалыматтарды берип, көрүүчүлөрдүн кыжырына тийип жатканын билдирди:

- КТРК, ЭлТР, 7-канал сыяктуу телеканалдардын жетекчилерин жоопко тартуу керек. Алар коомду чыңалтып, элди козута турган маалыматтарды тынбай берип жатат.

Сөз эркиндигинин абалына арналган тегерек үстөлгө жергиликтүү саясатчылар, журналисттер жана бийлик өкүлдөрү катышууда. Анда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, сөз эркиндигинин абалы, журналисттик ишмердүүлүк талкууланып жатат. Айрым катышуучулар акыркы убактарда Кыргызстанда сөз эркиндиги кысымга учурап жатканын айтышты. Ошол эле учурда Кыргызстанда коңшулаш өлкөлөргө салыштырмалуу демократия, сөз эркиндиги бары тууралуу да пикирлер болду.

Тегерек үстөлдү “Сөз эркиндигин коргоо” комитети уюштурууда. (YI)

XS
SM
MD
LG