Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:24

БУУнун Сирия боюнча гуманитардык жумушчу тобунун башчысы Ян Игиланд бүгүн Женевадан билдиргендей, эгер жаңы жүк барбаса келерки аптада Алеппонун козголоңчулар карамагындагы чыгыш бөлүгүндө элге тараткыдай тамак-аш калбайт.

Улуттар уюмунун гуманитардык кербени Алеппонун чыгышына быйыл июлда өкмөттүк күчтөр жүк кирген жолдорду жаап салгандан бери бара элек.

Учурда элге Алепподо акыркы азык-түлүк таратылып жатканын эскерткен Игиланд кырдаалды “үрөй учурарлык” деп мүнөздөдү.

Ал ошондой эле массалык ачарчылыкка жол бербөө, тамак-аш, дары-дармек киргизүү үчүн Сирия өкмөтү жана козголоңчул топтор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын да кошумчалады.

Алеппонун 250 миңдей адам камалып калган чыгыш бөлүгүнө Сирия өкмөтү жана аны колдогон Орусия аба соккуларын жасап келет.

Батыш өлкөлөрү Москва менен Дамаскты ал аба соккулары үчүн кескин айыптап жүрөт. Сирия жана Орусия бийлиги болсо Алеппонун чыгышында террорчулар бар деп санайт. (UE)

XS
SM
MD
LG