Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Европа биримдиги Бишкекте жемкорлук маселесин талкуулайт


Европа биримдигинин өкүлдөрү жемкорлукка каршы күрөш боюнча Кыргызстандын жарандык коомуна жана мамлекеттик органдарда иштегендерге окуу өткөрөт. Семинар 17-18-ноябрда Бишкектеги Hyatt мейманканасында болот. Ага 200дөн ашуун адам катышат. Семинарда жарандык коомдон тышкары кесипкөй бирикмелерде, медиа уюмдарда, жергиликтүү бийликтерде, сот жана прокуратурада иштегендер талкууга катышат. Бул тууралуу аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Кыргызстандагы жемкорлукка каршы күрөш жүргүзүү саясаты Грузия, Украина, Орусия, Монтенегро, Хорватия жана Европа биримдигинин башка мамлекеттеринин тажрыйбасында талкууланат.

Transparency International эл аралык уюму 2015-жылы жарыялаган рейтингде Кыргызстан коррупция боюнча 166 өлкө ичинен 123-орунду ээлеген. (SE)

XS
SM
MD
LG