Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

AI: тыңчылар тууралуу мыйзамдын кесепети оор


Орусияда “Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө" мыйзам иштеп келаткан төрт жылдан бери көз карандысыз коммерциялык эмес уюмдар жок болуп кетүү коркунучуна кептелди, өлкөдө шектенүү, сабырсыздык маанайы түзүлүүдө. Мындай тыянакка Amnesty International эл аралык уюмунун эксперттери келишти.

“Элдин агенттери” деген доклад жума күнү журналисттерге сунуш кылынды. Укук коргоочулар “чет элдик агенттер" тизмесине коммерциялык эмес уюмдар туш келди камтылып жатканын, андан чыгуу, жарлыктан кутулуу мүмкүн эместигин, көбү айып пул төлөөгө аргасыз болгонун жана анын айынан жабылып жатканын белгилешкен.

2012-жылдан бери тизмеге 148 уюм киргизилген, 27си жабылган. 19 уюм чет өлкөдөн каражат алууну токтотушканын далилдеп, сот аркылуу реестрден чыгарылган. Доклад авторлорунун пикиринде, өкмөт саясатын колдогон жана бийлик каржылаган уюмдардын гана калышы жарандык коомдун келечегине чоң коркунуч туудурат.

Amnesty International Орусия бийлигин мыйзамды жокко чыгарууга, бейөкмөт уюмдарды жана укук коргоочуларды куугунтуктоолордон коргоону камсыздоого чакырды.

XS
SM
MD
LG