Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Кыргыз адабияты сабагы кыскартылган жок


Кыргызстандын мектептеринде кыргыз адабияты сабагынын сааты кыскартылган жок. Бул тууралуу бүгүн Билим жана илим министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин маалымдашынча, 2016-2017-окуу жылына 5-11-класстар үчүн жалпысанын 170 саат каралган жана бул план өзгөргөн жок.

Бирок келерки окуу жылы кандай болору белгисиз.

Келерки окуу жылында жалпы билим берүүчү мектептерде кыргыз адабияты сабагы жоюлуп, анын ордуна “Дүйнөлүк адабият жана кыргыз адабияты” предмети киргизилиши мүмкүн экени айтылууда. Билим министрлиги мындай сунушту Билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешине бергени маалым болду. (RK)

XS
SM
MD
LG