Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:23

Олланд президенттикке ат салышпайт


Франсуа Олланд.
Франсуа Олланд.

Франция президенти Франсуа Олланд эмки жылкы президенттик шайлоого Социалисттер партиясынан ат салышпай турганын жарыялады.  

Бул тууралуу 1-декабрь күнү айтып, 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоодо өз партиясын “консерватизм менен экстремизмдин” үстүнөн жеңишке жетүүсүн каалады. 

Серепчилер Олланд эл арасында кадыр-баркын жоготконун белгилеп келишет. 

Маалыматтарга караганда, азыркы премьер-министр Мануэл Вальс социалисттердин праймеризинде ийгиликтүү талапкер болушу ыктымал.

Ал эми республикачылар мурдагы өкмөт башчы Франсуа Фийонду мамлекет жетекчилигине ылайыктуу деп табышкан. (SE)

 

XS
SM
MD
LG