Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Таласта добуш берүү узартылганын БШК төрайымы четке какты


Талас облусундагы айрым шайлоо участкаларында добуш берүүлөр бир саатка узартылганы тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова четке какты. Бир аз мурда интернетте ушундай маалыматта чыккан болчу.

Саат алтыдагы маалымат боюнча, референдумга жарандардын 35 пайыздан ашууну катышты. Ал эми жергиликтүү кеңештерге добуш берүүлөр саат 17:00гө карата 30 пайыздан ашкан. Акыркы маалыматтар кечки саат 10до айтылат.

Бүгүн Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Добуш берүүгө эки миллиондон ашуун жаран укуктуу болчу. Ушул тапта Кыргызстандын бүт аймактарында добушканалар жабылып, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү соңку жыйынтыктарды чыгарууга киришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эң активдүү катышуу Талас облусунда катталып, 40 пайызга жакынды түздү. Ал эми начар көрсөткүч Ош шаарында – 24 пайыздын тегерегинде.

Ички иштер министрлиги добуш берүүлөргө байланыштуу 16 мыйзам бузуу катталганын билдирди.

Чет элдеги кыргызстандыктар үчүн 25 мамлекетте 35 шайлоо участкасы ачылды. Убакыттагы айырмага байланыштуу кээ бирлеринде добуш берүү уланууда.

XS
SM
MD
LG