Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Өкмөт башчы Жээнбековдун Ошто батир сатууга тиешеси жок


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Ошто Июнь окуясында жабыркагандар үчүн курулган кабат үйлөрдөн батирлерди мыйзамсыз таратууга эч тиешеси жок. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” өкмөт башчынын басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди. Анын белгилешинче, Сооронбай Жээнбеков мурда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турган мезгилде Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы курган үйлөрдөн кимдир бирөөгө батир алып берүү үчүн акча алды деген маалымат чындыкка дал келбейт:

- Батир алып берем деп акча каражатын алган деген кабарды жарыялаган Ажар Пирмаматова аттуу жарандын маалыматы чындыкка коошпойт. Бул жалган маалымат боюнча укук коргоо органдары тактоо жана иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Эгерде иликтөөнүн жыйынтыгында бул маалыматтын жалгандыгы аныкталса, анда жогоруда аталган жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.

Бүгүн “Азаттык” радиосунда “Ошто Мамлекеттик дирекция курган үйлөрдү сыртынан соодалаган чуулу иштин башы чыгууда” аттуу макала чыккан.

Анда алданып, акчадан да, батирден да куру калдык деген аялдар тобу Июнь окуясынын курмандыктарына курулган үйлөрдү сатты деп айыпталып жаткандар акчаны өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев жана Ош мэриясынын кызматкерлери менен бөлүшкөнү тууралуу айтып бергенин билдиришкен.

Мамкаттоо кызматы да жетекчисине байланыштуу бул маалыматты төгүндөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG