Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:51

Атамбаев: Жаңы жылга каршы чыккандарга жол бербөө керек


Президент Алмазбек Атамбаев
Президент Алмазбек Атамбаев

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте өткөн президенттик балатыда билдирди. Ал майрамдык оюн-зоокко келген жеткинчектерди куттуктап, эч качан максаттан чегинбөөгө чакырды.

Президент өз сөзүндө кыргыздар Жаңы жылды, Нооруз майрамын тосууга өзгөчө маани берип келгенин белгиледи:

- Айрым мамлекеттер жок кезде кыргыздар алыскы Сибирде, Энесайда тосуп өткөрчү. Ошондуктан азыр бул биздин майрам эмес деп Ноорузга же Жаңы жылга каршы чыккандарга жол бербеш керек.

Мамлекет башчы Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн билдирип, бардык аткарылган иш балдарга, келечекке арналганын кошумчалады.

Жаңы жылдык балатыга өлкө аймактарынан 1100 окуучу катышты. Алардын арасында жакшы окуган, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG