Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Президент Салянованын мыйзамын артка кайтарды


Президент Алмазбек Атамбаев коррупция тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндөгү мыйзамды Жогорку Кеңешке кайтарды.

Негиздемеде мыйзам долбоору айрым бир карама-каршылыктардан улам кол коюуга мүмкүн эмес экени, кайра толукталып-кошумчаланышы керектиги айтылат.

«Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун негизги автору, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова президенттин жүйөсүнө макул эместигин “Азаттыкка” билдирди.

Президенттин негиздемеси

Алмазбек Атамбаев коррупция тууралуу маалымдаган адамдарды коргоо тууралуу мыйзам долбоордогу үч карама-каршылыкты көрсөткөн. Биринчиси – мыйзам жана сот алдында баары тең деген принцип бузулганы айтылат. Тактап айтканда, бул мыйзам долбоору мамлекеттик кызматта иштеген адамдарды гана коргойт, бул чөйрөдө иштебеген, бирок жемкорлук тууралуу маалымдаган адамдар камтылбай калган деп жазылган.

Салыктан качкан “пиво төбөлдөрү”

Салыктан качкан “пиво төбөлдөрү”

Сырттан ташылган жана ичте өндүрүлгөн пивонун көлөмүн көмүскөдөн чыгаруу боюнча өкмөттүн жүйөлөрү парламенттин тиешелүү комитет мүчөлөрүн ынандыра алган жок. Буга чейин депутаттардын же алардын туугандарынын пиво өндүрүүгө же сатууга байланыштуу бизнестери бар экени мамлекеттик кадр кызматынын порталында көрсөтүлгөн.

Экинчиси - документте коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген аткаминерге бир миллион сомго чейин сыйлык берүү каралганы, бирок ал акча кайсы жактан алынары, каржы булагы көрсөтүлбөгөнү белгиленген.

Үчүнчүсү - мындай акчалай сыйлоо тууралуу жобо бир катар мамлекеттик кызматкерлердин башын кошкон жаңы корупциялык айла-амалга жол ачат деп көрсөтүлгөн.

Мыйзам толуктоого муктаж эмеспи?

Президенттин мыйзам долбоору боюнча келтирген негиздемелерине анын негизги автору, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова макул эмес. Эл өкүлүнүн пикиринде, мыйзам долбоорду кайра парламентке жөнөтүүнүн кажети жок болчу:

- Бийликтеги коррупцияны ошол чөйрөдө кошо аралашып жүргөн адамдар айта алат да. Көп адамдар коррупцияга баткан чөйрөгө келгенде аралашып, көнүп кетет. Туура эмес болгон жерлерди келип көрөрү менен ошону айтып чыкканга мүмкүнчүлүгү болсун, мыйзам, мамлекет аларды коргосун, коргоп эле тим болбостон сыйласын деп жазылган. Бул мыйзам долбоору талкууланып жатканда бири-бирине жалаа жапкандар, каралагандар көп болот деген пикирлер болгон. Биз ушундай көрүнүштөр болбосун деп долбоордо мамлекеттик кызматта иштеген гана адамдарды көрсөткөнбүз. Анткени мамлекеттик кызматтагы адамдар жоопкерчилигин сезет, жөндөн-жөн эле каралоого барбайт. Тескерисинче өздөрү жооп берип каларын билет.

Аида Салянова.
Аида Салянова.

Салянова бул мыйзам долбооруна ылайык, каржылоо булагын аныктоо зарыл эмес экенине токтолду. Мыйзам кабыл алынып калса бюджетке жүк келбей, тескерисинче казынаны толтура турган жол-жоболор каралганына көңүл бурду. Жаңы коррупциялык айла-амалдарга жол ачылат деген жүйөнү да четке какты.

“Ата Мекен” фракциясынын дагы бир депутаты Алмамбет Шыкмаматов президенттин бул мыйзамга кол коюудан баш тарткан себебин төмөнкүчө боолголоду:

- Бул мыйзам долбоорго президент чочулабай эле кол коё берсе болмок. Ал өзү коррупция менен аёосуз күрөшөбүз деп демилге көтөргөндөн кийин бул мыйзамды колдон-буттан алып, өзү колдошу керек эле. Бул мыйзамдын автору Салянова болгондуктан, ага президенттин жеке таарынычы бар экенинен улам кол койбой койду го деп боолголоп жатам. Экинчиден, эгер мыйзам иштей баштаса президенттин, өкмөттүн тегерегиндеги коррупционерлер жапа чегип калышы мүмкүн. Ошондон дагы чочулап жатат го.

Жээнчороев: Мыйзам кайра иштелип чыгат

Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы, “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев эми бул мыйзам долбоордун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлөрүн “Азаттыкка” билдирди:

- Эми президенттин, Жогорку Кеңештин аппараты, ошол мыйзам долбоордун авторлору, биздин комитеттин өкүлдөрү жана башка депутаттар менен биргеликте макулдашуу вариантын иштеп чыгуу боюнча топ түзүлөт. Биз кайра карап чыгабыз. Жоболордун баарын талдайбыз. Кыскасы, мыйзам иштей тургандай кылабыз.

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

Жогорку Кеңеш жемкорлукту ашкерелөөгө жол ачкан мыйзам долбоорду өткөн жылдын ноябрь айында кабыл алган. Анын демилгечилери эгер мыйзам күчүнө кирсе, ири коррупциялык айла-амалдардын тамыры кыркылат деп негиздешкен. Жемкорлук фактысы сотто далилденсе, ал тууралуу айтып чыккан аткаминерге өндүрүлгөн акчанын 30 пайызы сыйлык катары берилмек.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, коррупция боюнча жыл сайын жүздөгөн кылмыш иши козголуп, жүздөгөн мамлекеттик кызматта иштеген адамдарга айып тагылганы менен алардын төрт гана пайызы эркинен ажыратылат, иштердин басымдуу бөлүгү кыскарып кетет.

XS
SM
MD
LG