Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:11

«Кыргыз темир жолу» 11 автоунааны оңдоого 100 миң долларга тендер жарыялады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыяга ылайык 11 автоунааны оңдоого “Кыргыз темир жолу” ишканасы 7 миллион сомго тендер жарыялады.

Планга ылайык ишкана Daewoo Espero автоунаасына 332 миң сомго чукул акча коротууга даяр. Мындан башка Honda Odyssey 278 миң 609 сом, Audi 100 унаасына 163 миң сом, Toyota Mark II автоунаасына - 290 миң сомго тетик алып берүүгө даяр экенин билдирген. Көрсөтүлгөн унаалардын катарында Mercedes-Benz Е320, Daymler-Crysler 430, Nissan March, Toyota Land Cruiser үлгүлөрү да бар.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Эркин Каимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, унаалардын жарактан чыккан тетиктерин алмаштыруу жагы алдын ала иликтенип чыккан.

- Алмаштырыла турчу тетиктерди эсептеп чыкканда жогорудагы сумма чыкты. Бирок бул көрсөтүлгөн тетиктердин бардыгы алмаштырылат деген сөз эмес. Тендердин жыйынтыгына ылайык эң төмөнкү сумманы көрсөткөн компания тандалып алынат. Автоунаалардын тетиктери базар баасындагы сумма менен көрсөтүлдү.

Жарыяланган тендердин шартына ылайык жеңүүчү компания автоунааларды оңдогондон тышкары техникалык тейлөөгө жооптуу болушу керек. (SDz)

XS
SM
MD
LG