Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

АКШ: Путин Трампка жардам берген


АКШнын чалгын агенттиктери Орусиянын президенти Владимир Путин жаңы шайланган президент Дональд Трампка жардам берүү жана Америкадагы президенттик шайлоого таасир этүү үчүн хакердик кампания жүргүзүүгө буйрук берген тыянакка келишти.

Улуттук чалгындоо кызматынын директорунун кеңсеси 6-январда ачык жарыялаган баяндамада бул аракет республикачылардын талапкери Трампка анын демократ атаандашы Хиллари Клинтонго шек келтирүү аркылуу жардам берүүнү көздөгөнү айтылат.

“Орусиянын максаты - АКШдагы демократиялык процесске карата коомдун ишенимине доо кетирүү, мамлекеттик катчы Клинтонду негизсиз сындоо жана анын шайланып келүү мүмкүнчүлүгүнө зыян келтирүү болгон” деп айтылат 25 барактан турган баяндамада.

Бул баяндамага азырынча Кремл жана Трамп жооп кайтара элек. Буга чейин Дональд Трамп хакердик чабуулдардын артында орус өкмөтү турат деген дооматтарды четке каккан.

Соңку баяндама жарыяланардан мурда шайланган президентке хакердик чабуулдар боюнча кыскача маалымат берилди.

XS
SM
MD
LG