Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Бразилияда абактагы тополоңдон 30 адам өлдү


Тополоңдон кийин. Бразилия
Тополоңдон кийин. Бразилия

Бразилиянын түндүгүндөгү Боа-Виста шаарындагы түрмөдөгү тополоңдон 30дан ашуун адам каза болду. Алардын айрымдарынын сөөктөрү жиликтенип, айрымдарын тирүүлөй өрттөшкөн. Тополоң кылмыштуу топтордун жаңжалынан башталганы айтылууда.

Бразилияда жыл жаңыргандан бери эле абактагы 90 киши өлдү.

Ушул жума башында Бразилиянын Амазон токоюнда жайгашкан Манаус шаарындагы түрмөдө тополоң чыгып, кеминде 60 киши мерт болгон.

Абактагылардын саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турган Бразилияда мындай тополоңдор көп катталат. Бул өлкөдө 600 миңден ашуун адам түрмөдө жатат. Укук коргоочулар абактардагы шарт начар экенин билдирип келишет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG