Аба ырайы:
9-январда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жала-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28…-33, күндүз -15…-20;
Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;
Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +0…+5;
Нарында түнкүсүн -21…-26, күндүз -10…-15 суук.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 - 6 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -4…-6 градус суук, күндүз 1…3 градус жылуу болмокчу.