Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Жакупованын ордуна спортчу келди


Дүйшөн Төрөкулов Ош шаарындагы машыгуу залында
Дүйшөн Төрөкулов Ош шаарындагы машыгуу залында

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясындагы мандатын өз эрки менен тапшырган депутат Чолпон Жакупованын ордуна Дүйшөн Төрөкулов келди.

Жакупова Баш мыйзамды өзгөртүүгө караманча каршы чыккан жана бул боюнча референдум өтсө мандатын тапшырарын эскерткен.

Анын ордуна келген, эрежесиз мушташтарга катышып жүргөн Төрөкулов тар чөйрөдө “Душка” деген каймана ат менен таанымал. Анын Жогорку Кеңешке келиши жалпы парламенттин азыркы курамы жана сапаты боюнча талкууларды жандантты.

Төрт сапка баткан резюме

Дүйшөн Төрөкулов коомчулукка анча таанымал эмес. 2009-жылдан бери ар кандай мамлекеттик кызматтарды ээлегени менен ишмердиги тууралуу маалымат жок жана ал тууралуу негизинен уюшма кылмыш топторго байланыштуу гана айтылат.

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Шайлоого барчу партиялардын тизмесинде аты чыгып-чыкпаган, мурда-кийин уюшма кылмыш топтун мүчөсү же катыштыгы бар деп милициянын каттоосунда турган, соттолгон адамдар да бар экени белгилүү болду.

“Азаттык” “Бир Бол” партиясынан анын эмгек жолу тууралуу маалымат алды. Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган 36 жаштагы Төрөкуловдун резюмеси төрт гана саптан турат.

Ал 2004 - 2009-жылдары Баткен мамлекеттик университетинин аскерге чейинки даярдык факультетин аяктаган. 2009-2012-жылдары Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

2009 - 2012-жылдары Бажы кызматынын Ош менен Баткендеги бөлүмдөрүндө ар кандай кызматтарда иштеген. 2012-2015-жылдары Ош шаардык мэриясына караштуу Дене тарбия жана спорт комитетин жетектеген.

“Бир Бол” партиясынын катчылыгынын башчысы Айпери Токтоматова Төрөкулов жөнүндө буларды билдирди:

- Биздин партиянын тизмесинде 15-орунда турган. Жогорку билимдүү, кесиби боюнча юрист. Мамлекеттик кызматка келген ар бир адам тиешелүү органдардын текшерүүсүнөн өтөт жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгондо да ушундай эле текшерүү болот. Төрөкулов уюшма кылмыш топтун мүчөсү эмес жана соттолгон дагы эмес.

Ош шаардык кеңештин мурунку депутаты Шайлообек Атазов Дүйшөн Төрөкулов менен убагында иштешип калган экен. Ал Төрөкуловдун кримчөйрө менен байланышы тууралуу маалыматы жоктугун, спортчу катары гана билерин айтып берди жана аны тарыхка кызыккан адам катары сыпаттады:

- Ал эркин күрөш менен алектенип жүргөн. Спорттун чебери. Кийин эрежесиз мушташтарга катышып чемпион дагы болуп жүрдү. Бизде Ошто спорт комитетинин төрагасы болуп турган. Мен шаардык кеңеште депутат болуп турганда аны менен тыгыз иштешип калдым. Анын учурунда шаардык спорт кыйла көтөрүлгөн. Бюджетинде, балдардын ары-бери чыгышында өсүш болгон. Спорт чөйрөсүндө жүргөн, кесипкөй спортчу катары гана тааныйм. Бизнеси, дагы башка чөйрөгө аралашканы, криминал менен байланышы бар экенин билбейм. Жакындан сүйлөшүп отурсаң, идеяларга бай. Кыргыздын тарыхын көп окуган. Өзү китеп жазса да болот. Негизи патриот бала. Эми парламентке келгенден кийин билимин дагы өнүктүрүп алып кетсе жакшы болот.

Интеллектуалдар бийликке керек эмес

Дүйшөн Төрөкуловдун парламентке келиши Жогорку Кеңештин азыркы курамы боюнча талкууларды жандантты.

Бул парламент негизинен олигархтардан жана капчыктуулардан куралды. Бирок ушундай парламент азыркы бийликке ылайыктуу. Аны башкарса болот.
Марс Сариев

Серепчи Марс Сариев Чолпон Жакупованын мандатын тапшырганын дагы парламент тууралуу коомдо айтылып жаткан дооматтар менен байланыштырды. Депутаттарды жетеленме болуп калды деп айыптады:

- Парламентте интеллектуалдар аз. Ушул курамда Чолпон Жакупова элден обочолонуп калган. Анын демилгелери өтпөй калган. Ошон үчүн ал бул парламент эч нерсеге жарабайт дегенди көрсөткүсү келип ушул кадамга барды. Бул парламент негизинен олигархтардан жана капчыктуулардан куралды. Бирок ушундай парламент азыркы бийликке ылайыктуу. Аны башкарса болот. Бийликтин көзүн караган парламент болуп калган. Интеллектуалдар, эксперттер, идеяларды берген кишилер аз.

Жарандык активист Рита Карасартованын пикиринде, парламенттин азыркы курамы жана анын сапаты шайлоо системасы менен түздөн түз байланыштуу:

- Азыркы система депутаттык корпусту жаңылабайт жана сапатын көтөрбөйт. Биздин шайлоо системабызга профессионалдуу шайлоону киргизмейинче абал оңолбойт. Биз партияларды эмес, ошол партиянын тизмесине кирген бул же тигил талапкер үчүн добуш берүүгө өтмөйүнчө парламент азыркыдай система менен жакшырбайт. Азыр болсо партия лидеринин үстөмдүгү орногон система. Лидер кимди кетирип, кимди кетирбей турганын чечип, алдын ала кайсы бир шарттарды коюп, антем-минтем дегени, баарын өзү чечкени туура эмес.

Чолпон Жакупова “Бир Бол” фракциясындагы жалгыз аял депутат болчу. Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясында да айым депутаттар калган жок.

Спорт: кылмышка же мелдешке? (Азаттык+ 23.12.2015)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG