Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:02

Парламентте УКМК соцтармактардагы пикирлерди текшерүүгө алганы талкууланды


Коопсуздук кызматы социалдык тармактарда жарандардын пикирлерин текшерүүгө алгандын ордуна, өз милдети менен алектенсе болмок деген сөздү “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү Аида Салянова менен Наталья Никитенко айтып чыгышты. Алар муну сөз эркиндигине жана демократияга басым катары баалашты.

Ал эми президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев мында мыйзамсыз эч нерсе жоктугун белгилеп, өлкөдө сөз эркиндигин чектөө жоктугун билдирди. Анын айтуусунда, чекисттер президенттин кепилдиги тууралуу мыйзамга ылайык иштеп жатышат.

- Бул мыйзамдын 4-беренесинде жазылып турат. Президенттин ар-намысын жалган жалаадан Башкы прокуратура коргойт. Башкы көзөмөл органы баа берет. Ошол эле учурда Башкы прокуратура өзүнүн милдетин башка мамлекеттик органдарга бере алат жана президентти коргоо үчүн сотко кайрыла алат. Бул жерде депутат Карамушкинанын УКМКга кайрылуусу турат, анда соцтармактарда президентти сындаган жорумдарды текшерүү суралган. Мына ушунун негизинде чекисттер кыргызстандыктар соцтармактарда эмне жазгандарын иликтешти. Бардык маалыматтар Башкы прокуратурага берилген.

Президенттин өкүлүнүн сөзүн депутат Аида Салянова жокко чыгарды. Анын айтуусунда, УКМК тууралуу мыйзамдарда андай укук же милдет жок. Салянова Башкы прокуратура президенттин ар-намысын жарандык тартипте коргоого аларын белгилеп, ал эми коопсуздук кызматы муну жашыруун жүргүзүп жатканын ырастады.

Ошентсе да президенттин өкүлү коопсуздук кызматкерлери соцтармактарда президент тууралуу терс пикир жазгандарды аныктап, аларга эскертүү берүүгө жана маалыматтарды Башкы прокуратурага берүүгө укуктуу деген сөзүнөн кайткан жок. Аны социал-демократ депутат Ирина Карамушкина колдоого алып, мамлекет башчысын сөгүп-сөздөөгө жарандардын укугу жок экенин айтты.

Апта башында УКМК Фейсбуктагы айрым колдонуучулар президентке акаарат келтиргендиги аныкталганын маалымдап, айрымдарына эскертүү берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG