Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:44

Роза Отунбаева БУУ жыйынына катышууда


Роза Отунбаева БУУ жыйынында
Роза Отунбаева БУУ жыйынында

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун социалдык өнүгүү боюнча талкуусуна катышып, сөз сүйлөдү. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунан кабарлашты.

1-10-февралда Нью-Йорк шаарында БУУнун Социалдык өнүгүү комиссиясынын 55-сессиясы өтүп жатат. Анда жакырчылыкты жоюуда тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу маселелери талкууланууда.

БУУнун дүйнөдө туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча 2013-жылга чейинки программасында тең мүмкүнчүлүктүү коомду түзүү принциби негизги орундардын бирин ээлейт.

Сессиянын ишине катышуудан тышкары Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева аялдардын укугун коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттык өзгөрүүлөр боюнча программалардын жетекчилери менен жолугуп, кызматташтык маселелерин талкуулады. (RK)

 

 

 

 

XS
SM
MD
LG