Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Экс-мэрдин соодага айланган мүлкү


Нариман Түлеев, 12-май, 2016-жыл
Нариман Түлеев, 12-май, 2016-жыл

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына жазылган мүлктүн мамлекетке өткөрүлбөй жатканы парламентте көтөрүлдү.

Мурдагы мэрдин иниси Нарынбек Түлеев сот өкүмүндө мүлктү мамлекетке өткөрүп берүү талабы коюлбаганын айтып чыкты.

Жогорку Соттун маалымат кызматы сот өкүмүндө Нариман Түлеевдин жана анын жакындарынын мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялоо жагы каралганын эскертти.

Жарыяланбаган тизме

Кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп соттолуп, зыянды калыбына келтирүү милдеттемеси үчүн былтыр кылмыш жоопкерчилигинен мөөнөтүнөн мурун бошотулган Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына жазылган мүлктөрдү мамлекетке өткөрүү маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү.

Парламенттин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков бир жылга чукул убакыт өтсө да соттун чечими менен конфискацияланган Түлеевге таандык мүлктөр эмне себептен ушул кезге чейин мамлекеттин карамагына алынбай жатканына кызыкты:

- Нариман Түлеевдин жакындарына катталган мүлктөр былтыр соттун чечими менен конфискацияланып, өкмөттүн карамагына өтүшү керек эле. Мына ошолордон ушул күнгө чейин мамлекет канча пайда көрдү? Демек, аталган мүлктөр бир жылдан бери мамлекетке өтө элекпи? Бирок ошол эле кезде аталган мүлктөр бир жылдан бери юридикалык жактан мамлекетке өттү делгени менен ушул күнгө чейин мурдагы кожоюндун колунда эле иштетилип жатпайбы. Ошондо де-юре мамлекетте болгону менен, де-факто дагы деле Нариман Түлеевдин карамагында болуп калабы?

Мамлекет Түлеевдин мүлкүн эсебине өткөрө баштады

Мамлекет Түлеевдин мүлкүн эсебине өткөрө баштады

Сот аткаруучулар Түлеевдердин конфискацияланган мүлктөрүн мамлекет эсебине өткөрө баштады. Алардын арасында “Караван” соода борбору баш болгон жыйырмадан ашык кыймылсыз мүлк жана жыйырма чакты автоунаа бар.

Депутат Рыскелди Момбековдун айтымында, Нариман Түлеевдин жакындарына жазылган Бишкектеги “Караван”, Rahat Palace жана “Таш Рабат” соода борборлору сыяктуу объекттердин азыркы учурда кимге караштуу экени белгисиз. Мына ошол сот өкүмүндө жалпысынан Түлеевдерге таандык кайсы мүлктөрдү мамлекеттин пайдасына алуу боюнча тизме дагы ачык жарыяланган эмес. Жогорку Сот аталган тизме сот аткаруучуларга былтыр эле тапшырылганын жарыялаган.

Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков депутаттын буга байланыштуу суроосуна так жооп бере албады:

- Ушул күнгө чейин аталган мүлктөрдөн эч кандай киреше алына элек. Азыркы күндө ошонун бардыгын каттоо иштери жүрүп жатат. Ошол иштер бүтсө, өзүнчө бир мамлекеттик ишкана түзүлүп, мына ошонун карамагына өткөрүлүп берилет. Мына ошондо гана мамлекеттин карамагына өткөрүү иштери толук жасалды десек болот.

Жогорку Соттун түшүндүрмөсү

2013-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган Нариман Түлеев былтыр жазында мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган. Зыяндын орду 62 миллион сомго бааланган. Анын жарымы накталай түрдө, калганы көп кабаттуу үйдөгү 11 батирди мамлекеттин менчигине өткөрүү менен төлөнгөн.

Мурдагы мэрдин иниси Нарынбек Түлеев “Заноза” агенттигине сот өкүмүндө алардын жакын туугандарына катталган мүлктөрдү мамлекеттин пайдасына чегерүү тууралуу сөз жок экенин айткан. Анын айтымында, адвокаттар Орусиядагы федералдык соттук экспертизага кайрылып, ал лингивистикалык корутунду дагы муну ырастаган. Бирок Жогорку Сот бул дооматты четке кагып, сот өкүмүндөгү мүлктөрдү мамлекетке өткөрүү талабын тактап, чечмелеп берди.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева сот өкүмүндөгү ал мүлктөрдү мамлекетке алуу боюнча талап так көрсөтүлгөнүн айтты:

- 2013-жылдын 29-июлунда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Нариман Түлеевди Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренеси менен айыптап, анын жана жакындарынын бүт мүлкү конфискациялансын деген чечим чыккан. Кийин Жогорку Сотко даттануу болгондо, ал 183-берене боюнча гана өзгөртүү киргизип, өкүмдүн калган бөлүгүн өзгөртүүсүз калтырган. Анын ичинде мүлктү конфискациялоого байланыштуу жагы да бар.

"Издеп жатабыз..."

Анткен менен депутат Рыскелди Момбеков айткандай бир жылдан ашуун убактыттан бери Сот чечимдерин аткаруу департаменти өкүмдө көрсөтүлгөн Түлеевдин бардык мүлктөрүн мамлекеттин менчигине өткөрүүнү эмнеге кечеңдетип келатканы белгисиз. Сот аткаруу департаменти конфискациялана турган мүлктөрдүн тизмесин көрсөтүүдөн да баш тартты.

Сот аткаруу департаментинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Таалайбек Мукалаев мындай дейт:

- Азыр эми анын табылган, аныкталган мүлктөрүнүн бардыгы эле конфискация болуп жатат. Мүлктөр издөөдө болсо, ага кандайдыр бир мөөнөткө чейин мамлекеттин карамагына алып бүтүрүү керек деген чек жок. Автотранспорт болсо, ал жол-кайгуул кызматы аркылуу изделет. Кыймылсыз мүлктү каттоосуна жараша издейбиз. Ал кайсы мүлктөр экенин сизге толук айтып бере албайм.

Сот коомдук автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген деп тапкан. Түлеев менен кошо мэриянын төрт кызматкери да айыпталып, ар кимиси беш жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG