Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Бозгундагы өзбек саясатчынын иниси абактан чыкты


Мухаммад Бекжан
Мухаммад Бекжан

Бозгундагы өзбек оппозиция лидеринин иниси, 18 жыл темир тор артында отурган саясий туткун, 63 жаштагы Мухаммад Бекжан 22-февралда абактан чыкты.

Бекжан Өзбекстандын оппозициялык партиясынын лидери Мухаммад Салихтин иниси жана “Эрк” гезитинин баш редактору болгону үчүн узак мөөнөткө абакка кесилгенин укук коргоочулар айтып келишкен. Ал 1999-жылдагы Ташкенттеги жардыруулар боюнча айыпталган. 2011-жылы абактан чыгарына бир ай калганда кошумча айып тагылып, жаза мөөнөтү 4 жыл 8 айга узартылган.

Бекжан абактан чыгып, жакындары менен бирге Хорезмдеги үйүнө баратканын “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысына өзү билдирди:

- Абактан чыкканыма жарым саат болду. Азыр үйгө баратам.

Мухаммад Бекжан Заравшандагы түрмөдөн чыккандан кийин, 22.02.2017
Мухаммад Бекжан Заравшандагы түрмөдөн чыккандан кийин, 22.02.2017

“Эрк” гезитинин баш редактору Мухаммад Бекжан - Өзбекстандын биринчи президенти, маркум Ислам Каримовго оппозициялык көз карашта болуп, анын бийлигин ачык сындап келаткан бозгун Мухаммад Салихтин бир тууган иниси. Салих 1991-жылы Өзбекстандагы президенттик шайлоодо Ислам Каримовго күчтүү атаандаш болгон. Укук коргоочулар мына ушул себептен улам бийлик Мухаммад Бекжанды абакта кармаган деп эсептешет.

- 18 жылдан кийин абактан чыкты. Бул толук жаза мөөнөтүн өтөп бүттү. Мухаммад Бекжан Каримовдун номур биринчи атаандашынын иниси жана бийликти сындаган гезиттин редактору болгону үчүн соттолгон. Жардырууга айыпталганы менен сотто далил табылган эмес, - деди бир кездеги кесиптеши Кудрат Бобожонов.

1999-жылы Өзбекстандын атайын кызматы Бекжанды Киев шаарынан кармап, Өзбекстанга алып келген. Ага ошол жылы өзбек соту "февралда Ташкентте болгон жардырууга катыштыгы бар" деген айып тагып, 15 жылга эркинен ажыраткан. Сотто Бекжан коюлган айыптарды толук четке кагып, сурак учурунда кыйноого кабылганын айткан эле.

Ушул жылдын 29-октябрында Өзбекстандын жаңы лидери Шавкат Мирзиёев АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Томас Шэннон менен жолуккан. Анда өзбек түрмөлөрүндөгү саясий айып менен камалгандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнү айтылган. Ал жолугушуудан үч жума өтүп-өтпөй, 24-ноябрда 23 жылдан бери түрмөдө отурган саясий туткун Самандар Куканов бошотулган. Ошондой эле өзбек бийлиги Бухарадагы укук коргоочу Бобомурод Раззаковду да бошоткон. АКШнын Өзбекстандагы элчилиги саясий айып менен түрмөлөрдө жаткандарды бошотууну кубаттай турганын билдирген.

- Азыркы бошотуулар, албетте, жаңы бийликке упай алып келет. Бирок дагы көп журналисттер абакта жатат. Андыктан саясий туткундарды бошотуу башталды деген туура эмес, – дейт өзбекстандык журналист Кудрат Бобожонов.

Өзбекстандын түрмөлөрүндө ишмердүүлүгүнө, саясий көз карашына байланыштуу ондогон укук коргоочулар, журналисттер жатат. Темир тор артында отурган Юсуф Рузимурадов, Солиджон Абдурахманов, Азам Фармонов, Дильмурод Саидов жана Агзам Тургунов сыяктуу таанымал укук коргоочу, журналисттер кыйноого кабылып жатканы айтылат.

Өзбек оппозиционердин иниси абактан чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:49 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG