Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Телени чочулаткан жаңы мыйзам


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеңеште маалымат каражаттарына байланыштуу кезектеги мыйзамдар топтому талкууланды. Аталган демилге өлкөдөгү маалымат каражаттарын санарипке өткөрүүгө даярдыкты көздөйт. Бул мыйзамга бир катар медиа уюмдар жана телеканалдар кабатыр.

Кыргызстандык телеканалдарды тынчсыздандырган мыйзамдар топтому парламентте өткөн жылдан бери талкууланып келет. Негиздемеде мыйзам өлкөдөгү телеберүүнү учурдагы шартка ылайыкташтыруу максатын көздөйт деп жазылган.

Топтомдо үч мыйзамга өзгөртүү киргизилип, телеканалдардын ишмердиги боюнча бир топ жаңычылдыктарды камтыйт.

Өзгөрүүлөрдүн ичинен телеканалдарды жана медиа активисттердин мыйзамдын жарнама кабыл алуу шарты боюнча беренеси чочулоо жаратты. Анткени жаңы мыйзамга ылайык, өлкөдө санарипке кошулган орусиялык Биринчи канал жана "Россия" каналдары жергиликтүүлөр менен бир шартта жарнама кабыл ала алат.

Мындай өзгөрүүлөр күчүнө кирсе, жергиликтүү каналдар жарнамадан куржалак калышы мүмкүн экенин адистер эскертүүдө.

Бул жобо аябай түшүнүксүз. Себеби, керектүү көлөмдү ким аныктап, көзөмөлдөйт? Экинчиден, Биринчи каналдын аудиториясын эске алганда жарнама ээлери аларга артыкчылык берет. Мындай жол менен жергиликтүү каналдар жарнамалык рыногун жоготот.
Алтынай Исаева

"Медиа Полис" институтунун юристи Алтынай Исаеванын "Азаттыкка" билдиришинче, мындай жобо өлкөдөгү каналдарды кыйынчылыкка кептеши мүмкүн:

- Бул өзгөрүүлөр биздин өлкөдө келишим негизинде иштеп жаткан чет өлкөлүк каналдарга жарнама алууга укук берет. Маселен, Орусиянын "Биринчи каналы". Бул каналга ретрансляциялоону каржылоого керектүү көлөмдө жарнамалык пакет ачууга уруксат берилүүдө. Бул жобо аябай түшүнүксүз. Себеби, керектүү көлөмдү ким аныктап, көзөмөлдөйт? Экинчиден, Биринчи каналдын аудиториясын эске алганда жарнама ээлери аларга артыкчылык берет. Мындай жол менен жергиликтүү каналдар жарнамалык рыногун жоготот. Ал эми жарнама маалымат каражаттарынын негизги булагы

Эксперттин эсеби боюнча жаңы өзгөртүүлөр ишке кирсе, Кыргызстандын медиа рыногу 7 миллион долларга чейин каражаттан кол жуушу ыктымал. Бул жергиликтүү медианын масштабын эске алганда, абдан көп каражат.

Буга байланыштуу бир катар телеканалдар жана медиа уюмдар президентке кайрылуу жолдоу. Анда өлкө башчысын бул маселеге көңүл буруп, тиешелүү чара көрүүнү суранышты.

"Пирамида" каналынын директору Нурзада Токтогулованын айтымында, жалпысынан мыйзам жергиликтүү телеканалдар үчүн керектүү нормаларды камтыса да, айрым чочулоолор сакталууда:

- Албетте, чочулоо бар. Анткени, жарнаманын көпчүлүгүн орусиялык ретрансляциялык каналдар алып кетип жатпайбы. Бирок мыйзамдын башка жоболору туура иштей турган болсо, жергиликтүү каналдардын өнүгүшүнө шарт түзүлөт.

Наталья Никитенко
Наталья Никитенко

Өз чочулоосун мыйзамдын демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко да айтып чыкты. Анын айтымында, мыйзам долбоорду иштеп чыгууда адистердин пикири эске алынган. Бирок аны талкуулоо учурунда бир катар күмөндүү өзгөрүүлөр кошулуп кетти:

- Биз бул мыйзамда телеканалдарга мамлекеттик тилдеги көрсөтүүлөрдү көбөйтүү боюнча талапты күчөтүп жатабыз. Бирок экинчи беренеде телеканалдардын жарнамадан түшчү каражаттарын чектегени жатабыз. Анткени, жарнама рыногуна абдан чоң оюнчулар киргени жатат. Алар ансыз да жарыбаган акчаны өзүнө алышы мүмкүн.

Анткен менен мыйзамды иштеп чыккан депутат Дастан Бекешов орус каналдарынын монополиясы орнобойт деген пикирде. Бекешовдун айтымында, чет өлкөлүк каналдардын жарнама алуу көлөмүн мамлекеттик органдар көзөмөлдөйт:

- Эгерде толугу менен рекламаны чектеп, тыюу салсак орусиялык каналдар бизден кетип калат. Бул туура эмес. Ал эми биздин жарандар Орусиянын Биринчи каналы, РТР көрсөтсүн деп суранып жатышат. Ошондуктан, биз жарандарыбыздын талабына да көңүл бурушубуз керек.

Негизи Орусиянын федералдык каналдары Кыргызстандын бардык аймактарында көрсөтөт. Кыргызстан Орусиянын "Биринчи каналынын" контенттик пакетин акысыз алат. Бирок жыл сайын алардын сигналын элге жеткирүүгө бюджеттен 50 миллион сом коротот. Учурда орус каналдарына жарнама алууга чектөө киргизилген.

Өлкө санариптик телеберүүгө өткөн соң социалдык пакетке Орусиянын "Биринчи" жана "Россия" каналдары кошулары маалымдалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG