Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Түрк дипломаты Швейцариядан башпаанек сурады


Түркиянын Швейцариядагы элчисинин орунбасары Волкан Карагоз өзү иштеп жаткан өлкө бийлигине кайрылып, башпаанек сурады. Бул тууралуу ВВС кабарлады. Бирок иштин чоо-жайы анык эмес. Дипломаттын бул кадамы түрк бийлигинин соңку кездердеги "тазалоосуна" байланыштуу болушу мүмкүндүгү айтылууда.

2016-жылдын 16-июлунда Түркияда аскердик төңкөрүш аракети болгон. Андан соң бийлик окуяга тиешеси бар деп шектелген 40 миңден ашуун кишини камаган.

Анкаранын каарынан чоочуган бир канча жаран чет элге кетүүгө аргасыз болгон. 400дөн көп адам Швейцариядан бозгун макамын сураган. Быйыл февралда маалым болгондой, дипломатиялык корпуста иштеген 130дан ашуун кызматкер Германиядан саясий башпаанек алуу өтүнүчүн жолдошкон. (SE)

XS
SM
MD
LG