Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүү оппозициясыз өтүүдө


Сирия оппозициясынын өкүлдөрү мурдагы сүйлөшүүлөрдүн биринде
Сирия оппозициясынын өкүлдөрү мурдагы сүйлөшүүлөрдүн биринде

14-мартта Астанада башталган Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүгө сириялык оппозиция өкүлдөрү келген жок. Алар Орусия менен Сирия өкмөтү декабрдагы тынчтык келишимин сактоого көңүлдөнбөй жатат деп, сүйлөшүүгө катышпасын айтышкан.

- Орусия Сириянын карапайым элине каршы кылмыштарын улантып, Сирия режиминин кылмыштарын колдоп жатканына байланыштуу катышпайбыз, - деген эле козголоңчу топтордун расмий өкүлү Осама Абу Заид.

Козголоңчулар өздөрү көзөмөлдөгөн Дамаск, Хомс, Дераа жана Идлиб аймактарын өкмөт жана Иран колдогон жоочулар бомбалоону улантууда деп айыпташууда. Шейшембиде башталган Казакстандын борборундагы жолугушуу Сирия сүйлөшүүлөрүнүн 3-раунду.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылы тутанган. Өткөн жылдын декабрынын аягында Орусия менен Түркия кепил болуп, ок атышпоо келишимине жетишкен. Тынчтык режими андан бери үзүл-кесил сакталууда.

XS
SM
MD
LG