Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Бийлик журналисттерди тизгиндейби?


Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында коалициялык көпчүлүктүн курамына кирген бир катар депутаттар журналисттерди тартипке чакыруу демилгесин көтөрүп чыкты. Президент да айрым маалымат каражаттарын жалган кабар таратат деп айыптады.

Ал эми Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциянын депутаттары, тескерисинче, мамлекеттик телерадиоканалдар бийликтин көрсөтмөсү менен аларды негизсиз каралап жатканына көңүл бурушту.

"Аксакалдын аманаты"

Жогорку Кеңештин 15-марттагы жыйынында жалпыга маалымдоо каражаттарынын башкы темага айланышына “Ата Мекен” фракциясы сунуштаган токтомдун долбоору себеп болду. Бирок "Кыргыз Республикасында айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоочулардын жана адвокаттардын куугунтукталышы жөнүндө" деп аталган документти кабыл алуу демилгеси парламентте колдоо тапкан жок.

Тескерисинче, башкаруучу коалициядагы көпчүлүк депутаттар жалпыга маалымдоо каражаттарын тескөө, тартипке чакыруу демилгесин көтөрдү. Маселен, "Бир бол" фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев өзү жолуккан аксакал шайлоочунун сөзүнө таянып, айрым маалымат каражаттары такталбаган кабарларды жарыялап, президенттин аброюна шек келтирип жатат деп билдирди.

КСДП депутаты Рыскелди Момбеков сөз эркиндиги чектен чыгып, түпкү принциптерден кетенчиктеп кетти десе, ушул эле фракциянын мүчөсү Мурадыл Мадеминов журналисттер эркиндик деп жоопкерчиликти унутта калтырып жатканын айтып чыкты.

Ал эми КСДПнын дагы бир депутаты Азамат Арапбаев маалымат каражаттарын жоопкерчиликке чакыруу маселесин козгоду:

Азамат Арапбаев
Азамат Арапбаев

- Айрым маалымат каражаттары сөз эркиндигине жамынып алып, биздин президентибиз Алмазбек Атамбаевдин артынан ар кандай ушактарды жазып, алектенип жатышат. Биринчиден, урматтуу депутаттар, бүт эл шайлаган президенттин абийирине шек келтирип жатат. Экинчиден, мамлекеттин дүйнөлүк аренада болгон абийирин кетирип жатат. Үчүнчүдөн, айрым ЖМКлар өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө. Ошондуктан протоколдук тапшырма берели, атайын кызмат айрым маалымат каражаттарын тартипке чакырып, жоопкерчиликке тартылсын.

Ошол эле учурда депутат Жанар Акаев кесиптештерин сөз эркиндигине кылдат мамиле кылууга чакырып өттү:

- Журналисттер эч качан асмандан алып жазбайт. Алар маалымат булагына таянышат. Маалымат булагы - саясатчылар болуп жатабыз. Саясатчылардын сүйлөгөнү ушак, интрига, жалган. Журналисттер аны жазып жатышат. Эгер журналисттерди жоопко тартуу керек болсо, анда саясатчылар кошо жооп бериши керек. Журналисттер асмандан алып жазып жатат деген болбойт. Элдин баары парламентти, саясий окуяларды карап турса, журналисттер аларды жазбай коюшу керекпи? Журналисттер ушуну жазууга милдеттүү. Анан биз Борбор Азияда, дүйнөгө чыкканда сөз эркиндиги деп мактанып жатабыз. Ошондуктан сөз эркиндигине абайлап мамиле кылсак. Алты жылдан бери сөз эркиндигине жакшы мамиле кылып келдик, ошол калыптан жазбасак. Анан эми бул жерде айрым саясатчылар диктатуралык режимди сагынып калган болсо, андай болбойт. Туура 12 жыл мурда сөз эркиндигин бууганына байланыштуу бир кишини биз Москвага, жети жыл мурун дагы бирөөнү Беларуска жөнөттүк.

Оппозициянын нааразылыгы

Ал эми Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциянын депутаттары мамлекеттик телерадиоканалдар бийликтин көрсөтмөсү менен аларды негизсиз каралап жатканына көңүл буруп, бул аракеттерди токтотуу талабын коюшту. Биринчи кезекте алардын сыны Коомдук биринчи каналга багытталды.

"Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик каналдар бийликтин көрсөтмөсү менен иш алып барып, саясий атаандаштарын кемсинтип, ушак менен алектенип жатат деп эсептейт. Ошондуктан ЖМКлар тууралуу абалды ачык талкуулоону сунуштады:

- Мына КТРди жана башка ЖМКларды көрбөй жатасыңарбы? Президент жана анын аппараты баш болуп, саясий оппоненттерин кемсинтип, ушактап, жамандаса эч ким көрбөйт экен. Мен кошулам, туура, ушакты сүйлөбөш керек, калп айтпаш керек, соттун өкүмү чыкмайынча эч кимди күнөөлөбөш керек. Мен буга толук кошулам. Бирок маселеден качпай, келгиле, талкуулайлы.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Президенттин сыны

Ушул эле күнү президент Алмазбек Атамбаев Ооганстан, Индия, Латвия, Кот-д’Ивуар жана Эфиопиянын Кыргызстандагы жаңы элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып сүйлөгөн сөзүндө журналисттерди "ушак таратпоого" дагы бир жолу чакырды.

​Президент АКШда, Европанын бир катар өлкөлөрүндө адамдар жалаа жапканы үчүн акчалай оор айыпка жыгылып, кала берсе түрмөгө да кесилерин айтты:

- Урматтуу мекендештер! Урматтуу кыргыз журналисттери! Азыркы күндөрдө элибиздин, жерибиздин тагдыры, келечеги чечилип жатат. Алдыда президенттик шайлоо турат. Болгону 8 ай калды. Тырмактай Кыргызстан эмес, дүйнөнү башкарган Америка кантип президент шайлаганын дагы эле түшүнбөй, териштирип жатат! Биз да анан декабрда алаканыбызды чаап “аттиӊ ай!..” деп олтуруп калбайлы! Азыр бүт дүйнөдө согуш жүрүп жатат. Информациялык согуш. Маалымат согушу. Бул шылуундарга алданып, маңкурт, эл бузарларды ээрчип, булар тараткан ушактарга ишенип, кайрадан карегибиздей Мекенибизди уурулардын, мародерлордун колуна салып бербейлик! Кайрадан куркулдаган кузгундарга жем болбосун Кыргызстан! Ата-Мекенибиз, Ата-Журтубуз – Кыргызстан! Көздү ача турган мезгил келди. Ойлоно турган мезгил келди.

Атамбаев: Көздү ача турган мезгил келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:33 0:00

Башкы прокуратура "Азаттык" радиосу менен "Заноза" басылмасын "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамлекет башчынын дарегине айткан сөздөрүн жарыялаганы үчүн "президенттин аброюна шек келтирди" деген негизде марттын башында сотко берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG