Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү салттуу ден соолук жумалыгы өтүүдө. Аны өкмөткө караштуу Жаштар иштери жана дене тарбия агенттиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирге өткөрүүдө.
Өнөктүк 4-апрелде Бишкектеги Дене тарбия академиясында эл аралык жармаңке менен башталды. Жармаңкеге Орусия, Казакстан, Кытай, Польша, Беларусия, Германия, Литва, Украина, Словакия, Корея жана Түркиядан 95 компания катышып, медицина жана саламаттыкты сактоо жаатындагы жабдуулар менен товарларын коюшту.
Жумалыктын алкагында чейин созулган бул иш чарада илимий-практикалык конференция, семинарлар да болорун уюштуруучулар маалымдашты. (BCh)