Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Дача СУнун тургундары айылды көчүрүү талабын койду


Ак үй алдындагы митинг (11-апрель, 2017-жыл)
Ак үй алдындагы митинг (11-апрель, 2017-жыл)

"Манас" аба бекетине улагалаш жайгашкан Дача СУ айылынын тургундары 11-апрелде Ак үй алдында нааразылык акциясын уюштуруп, конушту башка жерге көчүрүүнү бийликтен талап кылышты.

Акциянын катышуучулары дайыма үстүнөн учак учуп турган бул айылда январдагы 39 адамдын өмүрүн алган авиакырсыктан кийин бейгам жашоо кыйын болуп калганын билдиришүүдө. Ал эми бийлик өкүлдөрү айылды көчүрүү планы күн тартибинде экенин, бирок ылайыктуу жер табылбай жатканын айтышууда.

Дача айылынын тургундары Ак үй алдына уюштурган акцияга өкмөттөн да, Жогорку Кеңештен да өкүлдөр чыкан жок. Митингдин катышуучусу Ысак Анарбаев бул аймакта учак кырсыгы үчүнчү ирет катталды дейт:

- Баш-аягы үч самолёт кулады. Биринчиси аңда калды, экинчиси Жаңы-Жердин жогору жагына түшүп калды. Мына, үчүнчүсү адамдардын үстүнө кулады. Эми төртүнчүсү калганыбызды "шыпырып" кетсин деп күтөлүбү?! Эң бир коркунучтуу зонада турабыз. Азыр ушул жерге чыгып Абулгазиев (Мухаммедкалый) бизге түшүндүрмө берсин. Үч айдан бери эмне иш кылып жатат, бизге айтып бербейби.

Компенсация чечилди, жер маселеси күчүндө

Дача айылынын тургундары бул сапар мурдагы митингдерде көтөргөн компенсация маселесин козгогон жок. Дача конушунун тургуну Базаркул Ормонбековдун айтуусунда, кенемте маселеси толук чечилбесе да, кандайдыр бир деңгээлде жолго салынууда:

- Бизге депутаттар азыркы жашап жаткан айылыбыз кооптуубу же кооптуу эмеспи, чечип беришсин. Эгер кооптуу жерде жашасак, анда өкмөт Дача СУ айылынын тургундарын башка жерге көчүрүүсүн талап кылабыз. Эгерде кооптуу эмес болсо, анда бизге башка айылдардагыдай эле макам берсин. Себеби бизди оорукана кабыл албай жатат. Мектебибиз жок, каттоо жок, айтор ортодо "биз кимбиз" деген суроо пайда болот.

Жогоруда айтылгандай, Дача СУ айылынын 400дөй түтүн эли социалдык кызматтардан пайдалануу үчүн 10 чакырым алыстагы Манас айылына барууга аргасыз. ​

Дача СУ айылын башка жакка көчүрүү боюнча маселе өкмөттүн кароосунда турат. Бирок ал компенсация маселеси толук бүткөндөн кийин гана чечилмекчи. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Туруспек Султаналиев "Азаттык" үналгысына билдиргендей, бүгүнкү күндө Дача айылын көчүрүү үчүн Бишкектин тегерегиндеги Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда ылайыктуу жер жок. Ал эми өкмөт сунуштаган аймактар айыл тургундарынын көңүлүнө төп келбей турат. Алардын оюнча өкмөт сунуштаган жерлер борбордон алыс.​

- Мен чынын айтышым керек, Бишкекке жакын жайгашкан райондордо Дача СУ айылын көчүрүүгө жер жок. Эгерде өкмөт бизге тапшырма берсе, бөлөк райондордон жер карасак болот. Мисалы, Москва, Панфилов, Кемин, Чүй райондорунан жер караштырууга алыбыз жетет. Дача айылынын тургундарынын талабы боюнча өкмөт кабардар. Бул эми бир күндө эле чечиле калчу иш эмес. Ошондуктан убакыт менен баары чечилет деп ойлойбуз, - деди Туруспек Султаналиев.

Чүй облусунда дача тибиндеги 251 конуш бар, алардын арасында кооптуу аймакта орун алган дачалар да кездешет.

16-январда Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортуна жакын Дача айылына Гонконг-Стамбул багытындагы “Боинг-747-400” жүк учагы кулаган. Апааттан 39 кишинин өмүрү кыйылып, 20дай үй зыян тарткан.

Учак Түркиянын АСТ Airlines компаниясына таандык болуп, аталган ишкана жабыркагандарга компенсациянын бир бөлүгү катары 600 миң доллар которгон. Мындан тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 100 млн сомдон ашык каражат чогулуп, бул акчалар учурда бөлүштүрүлүү алдында турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG