12-апрелде Кабулдагы министрликтер жайгашкан имараттардын жанында жанкечти бомба жардырып, андан кеминде беш адам өлдү. Бул тууралуу Ооганстандын Ички иштер министрлиги кабарлоодо.
«Кеминде дагы он адам жарадар» деди министрлик өкүлү Нажиб Датчан. Ал жабыркагандар арасында катардагы жарандар да, ооган коопсуздук кызматкерлери да бар экенин кошумчалады.
Жардыруу министрликтердин жүздөгөн кызматкерлери иштен кайтып баратканда болгон.
«Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнө жакын интернет сайтка жанкечти полициянын көзөмөл өткөрүү пункттун жардырууну көздөгөнүн билдирди.