Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Бишкекте милиция кызматкеринин бутун машине тепсеп кетти


Бишкекте Патрулдук милиция кызматкеринин бутун машине тебелеп, ооруканага түштү. Окуя 18-апрелде айдоочу менен милиционердин ортосундагы пикир келишпестиктен улам болгон.

Патрулдук милиция мекемесинин басма сөз кызматынын өкүлү Таалайбек Бугубаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Манас жана Горький көчөлөрү кесилишкен жерде кызматтык милдетин аткарып жаткан милиционер "Мазда" үлгүсүндөгү унааны токтотуп, жол эрежесин бузганы үчун документтерин сураган. Протокол толтуруп жаткан учурда айдоочу жинденип, машинесин айдап кетүүгө аракет кылган. Милиционер шеригин жардамга чакырган кезде айдоочу машинени от алдырган жана патруль кызматкеринин бутун тебелеп кеткен. Милиционердин шериги жетип келип, айдоочуну токтотуп калууга жетишкен.

- Биринчи Май райондук Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу келип, айдоочуну жана унааны алып кетишти. "Тез жардам" чакырылып, кызматкерибиз №4 ооруканага жеткирилди. Буту гипстелди. Баш мээси чайкалганы аныкталды,- деди Таалайбек Бугубаев.​

Бишкекте буга чейин да жол сакчыларына баш ийбей, аларды машинесинде сүйрөп кеткен эки окуя катталган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG