Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) жетекчиси Александр Бортников Санкт-Петербург метросундагы терактты жасоого буйрук берген киши аныкталганын билдирди. Бирок Бортников азырынча анын аты-жөнүн ачык айткан жок.
19-апрелде Москва полициясы Санкт-Петербургдагы терактка шектүү делген онунчу кишини кармады. Ал буга чейин кармалган, жанкечтини үйрөткөн делген Аброр Азимовдун агасы экени белгилүү болду.
3-апрелде Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруудан 14 киши өлүп, 50 чактысы жараланган. Ал теракт үчүн эч бир топ жоопкерчилик алган эмес.