Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Рейтер: Орусия АКШдагы шайлоого кийлигишкен


Кремл 2016-жылы Кошмо Штаттарда өткөн президенттик шайлоонун үгүт кампаниясына кийлигишүүнүн стратегиясын иштеп чыгып, аны кырдаалга жараша өзгөртүп турган. Бул тууралуу Рейтер маалымат агенттиги 20-апрелде жарыялаган иликтөөдө жазылган.

Рейтер маалымат агенттиги иликтөөсүндө Кошмо Штаттардын учурдагы үч жана мурдагы төрт расмий кызматкерге шилтеме жасалган. Бирок аталган жетекчилердин аты-жөнүн атаган эмес.

Дал ошол булактар билдиргендей, орус бийлиги АКШнын президенттик шайлоосуна кийлигишүү үчүн атайын план түзүп, Республикачылардын талапкери Доналд Трамптын добуштарын көбөйтүүнү көздөгөн.

Мындай жол менен Кремль америкалыктардын Кошмо штаттардын шайлоо системасына болгон ишенимине доо кетирүүнү максат кылганын эл аралык агенттик жазууда.

Рейтердин жашыруун булактарынын маалыматында, АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүнүн “жол картасын” Орусиянын стратегиялык иликтөөлөр институту иштеп чыккан.

Өткөн жылдын июнь айында иштелип чыккан биринчи документте стратегиялык план камтылган жана ал орус өкмөтүнүн кароосуна жөнөтүлгөн. Документте социалдык тармактар жана эл аралык орус медиалары аркылуу пропаганда баштап, Барак Обамага салыштырмалуу Орусияга көзү түз талапкерди колдоо сунушу жазылган.

Бул маалыматты Рейтерге маек курган жети расмийдин баары бышыктаган.

Институттун экинчи документи өткөн жылдын октябрь айында иштелип чыгып, анда Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтондун шайлоодо жеңип чыгүү мүмкүнчүлүгү жогору экени эскертилген.

Мындан улам, Орусия Трампты тымызын сүрөөнгө алуу кампаниясын токтотуп, америкалыктардын шайлоо системасына карата ишенимине доо кетирүүгө багытталган өнөктүктү баштоо сунушталган.

Планга ылайык, Кремл добуш берүүдөгү бурмалоолорго жол берилгени боюнча маалымат таркатып, шайлоонун мыйзамдуу өткөнүнө шек келтирүүгө аракеттенмек. Бул өз кезегинде Клинтондун беделине доо кетирип, президенттиктен кетүүгө чейин жеткириши мүмкүн эле.

Иликтөөдө америкалык чалгын кызматтарынын колуна бул документтер шайлоодон кийин тийгени жазылган. Бирок Рейтердин булактары ал кандай жол менен тийгенин ачык айтышкан эмес. Атайын кызматтар да бул суроого жооп берген эмес.

Аталган институтту Кремл тарабынан дайындалган мурдагы тышкы чалгын кызматынын отставкадагы офицерлери жетектешет.

Агенттик ошондой эле бул боюна Стратегиялык изилдөө институтунан да, Кремлдин маалымат бөлүмүнөн да комментарий ала алган эмес.

Ал эми иликтөө жарыяланган соң институттун башчысы, мурдагы Орусиянын премьер-министри Михаил Фрадковдун жообу уюмдун сайтында чыкты:

- Бул жоруктун авторлору өздөрүнүн конспирологиялык түшүнүгүндөгү чындык менен фантазияларын айырмалай албай калган. Алар мындай жол менен АКШнын шайлоо өнөктүгүнө Орусиянын "катышы" боюнча элдин эсинен чыгып бараткан нерсеге көңүл бурдургусу келүүдө. Биздин институтту бул нерсеге аралаштыруу аракети "жолу болбогондордун" иши.

Михаил Фрадков.
Михаил Фрадков.

Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин бир нече ирет Орусиянын америкалык шайлоого кийлигишүү ыктымалдуулугун четке кагып келген. Ал эми өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков Рейтер агенттигинин баяндамасы боюнча “Мен бул тууралуу эч нерсе билбейм, айтаарым жети анонимдүү булак бир реалдуу адамга тең эмес”,-деди.

Рейтер маалымат алган төрт булак июнда чыгарылган документте жазылган план Путиндин администрациясы 2016-жылдын март айында эле баштаган кампаниянын кеңейтилген варианты болгон деп эсептешет. Мартта Кремлдин маалымат каражаттары, анын ичинде эл аралык РТ телеканалы менен "Спутник" агенттиги аркылуу Трамп жана анын президенттик компаниясын мактаган маалыматтарды таркатууга буйрук берген.

Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Ал эми жыл башында америкалык чалгын кызматтары чыгарган баяндамада РТ менен "Спутник" маалымат каражаттары Клинтонго каршы макала-баяндарды жарыялап, кремлчил блогерлер Твиттерде кеңири кампания баштаган. Макалада белгиленгендей, РТ телеканалынын Клинтонго каршы даярдалган “Клинтондордун кайрымдуулук коруна түшкөн акча кантип үгүт иштерине пайдаланылды” деген телерепортажын социалдык тармактарда тогуз миллиондон ашуун адам көргөн.

Ошентсе да, Рейтер жарыялаган баяндамада Москва жүргүзгөн кампаниянын Трамптын шайлоодо жеңип чыгышына канчалык салым кошкону айтылган эмес. АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин бир нече ирет Орусиянын аракеттери шайлоо жыйынтыгына таасир бербегенин айтып келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG