Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Коомдук ишмер, илимпоз Гүлмира Мамбеталиева дүйнө салды


Гүлмира Мамбеталиева
Гүлмира Мамбеталиева

Коомдук ишмер, "Дордой" ассоциациясынын вице-президенти, философ илимпоз, профессор Гүлмира Мамбеталиева бүгүн түнү 61 жаш курагында дүйнө салды. Жакындарынын айтымында, ал көптөн бери ден соолугу начарлап, дарыланып жүргөн.

Мамбеталиева 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде эки монографиянын автору.

Илимий ишмердүүлүк менен катар ал "Бал таттуу" балдар фондун негиздеп, кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келген. Бул фонд аркылуу жыл сайын таланттуу балдардын республикалык сынагы уюштурулуп, мыкты окуучулар чет жактан билим алууга жөнөтүлчү.

Гүлмира Мамбеталиева белгилүү ишкер Аскар Салымбековдун жубайы.

Маркумдун сөөгү 27-апрелде Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында жерге берилет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG